Ички дүң продукт 6,4 пайызга өстү

Publications: 11.07.2019


2019-жылдын январ-июнунда ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 232 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4 пайызга өстү.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылдын январ-июнунда, ички дүң продуктунун көлөмү 207 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1 пайызга пайызга өстү.

 

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2019-жылдын январ-июнунда 127 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 19,7 пайызга жогорулады. Өнөр жай продукциясынын өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн (1,5 эсеге) металл рудаларын казып алуунун (1,4 эсеге пайызга), көмүрдү өндүрүүнүн (22,6 пайызга), мунайзат жана жаратылыш газынын (14,1 пайызга), текстил жана кийимдерди (15,3 пайызга) өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

 

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

 

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 1,7 пайызды, курулушта 5,5 пайызды жана дүң жана чекене соодада өсүү 4,7 пайызданды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

2019-жылдын башынан бери мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу, керектөө баалары жана тарифтери республика боюнча жалпысынан 0,3 пайызга жогорулаган.

Керектөө бааларынын жана тарифтеринин төмөндөөсү Ош облусунда 0,3 пайызга жана Ош шаарында 0,7 пайызга байкалган. Ошону менен бирге, баалардын жана тарифтердин эң көп жогорулоосу (3,1 пайызга) Ысык-Көл облусунда байкалган, анын ичинде, негизинен баалар азык-түлүк продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга 6,3 пайызга жогорулаган. Баалардын жана тарифтердин эң көп жогорулоосу  алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына - Ысык-Көл облусунда 4,5 пайызга, кызматтарга - Талас облусунда 1,4 пайызга, азык-түлүктүк эмес товарларга – Ош шаарында 0,4 пайызга белгиленген.

Республиканын тышкы соода ишмердиги, алдын ала маалыматтар боюнча 2019-жылдын январ-майыда тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2,7 миллиард АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январ-майына салыштырмалуу 2,6 пайызга төмөндөгөн. Ошону менен бирге, импорттук  келип түшүүлөр 4,7 пайызга төмөндөгөн, ал эми экспорттук коюулар 3,7 пайызга жогорулаган.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен, 2019-жылдын январ-майында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 997  миллион АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январ-майына салыштырмалуу 4,6 пайызга жогорулаган. Анын ичинде, экспорт 24,3 пайызга төмөндөгөн, ал эми импорт 16,6 пайызга жогорулаган.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер менен республиканын соода жүгүртүүсүндө эң чоң үлүштөр Россия менен 59,1  пайызды жана Казахстан менен  38,6  пайызды түзгөн.

 

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен Кыргыз Республикасынын өз ара соодасы
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

              Импорт                                                                                               Экспорт

Презентациялар:

 


Last updating: 11.07.2019, 11:55