2023-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы менен экономиканын көрсөткүчтөрүнүн өсүшү белгиленди

Publications: 11.03.2023


Ички дүң продукт 2023-жылдын январь-февраль айында алдын-ала баалоо боюнча 111 миллиард сомдон жакын, 2022-жылдын январь-февралына салыштырганда 6,0 пайызга көбөйдү.

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2023-жылдын январь-февраль айларында 55 миллиард сомдон ашып, текстиль, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдары (2,1 эсеге), химиялык продукциялар (28,9 пайызга), негизги металлдар (28,8 пайызга), фармацевтикалык продукциялар (9,9 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдары өндүрүшүндөгү, полиграфиялык ишмердиктеги (9,4 пайызга), тамак-аш (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктары өндүрүшүндөгү (6,2 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуудагы (18,9 пайызга) көлөмдүн жогорулашынын эсебинен 2022-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 13,3 пайызга көбөйдү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 0,9 пайызды түздү, ал эми айыл чарбасында 1,8 пайызды, дүң жана чекене соодада 11,5 пайызды түздү.

2023-жылдын январь-февраль айларында жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу өсүшү 3,0 пайызды түздү. Мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 4,0 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 1,7 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына – 3,2 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2,1 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык региондорунда белгиленди. Мында баалардын максималдуу өсүшү (5,6 пайызга) Нарын облусунда жана Ош шаарында катталды, бул Нарын облусундагы алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын бааларынын (6,8 пайызга) жана Ош шаарындагы калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин (9,4 пайызга) башка региондорго салыштырмалуу эң көп кымбатташы менен шартталды.

2023-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 835 млн. АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 20,5 пайызга өстү, ошону менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 12,9 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 22,0 пайызга көбөйдү.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон өз ара сооданын көлөмү 2023-жылдын январь айында 268,5 млн. АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 9,6 пайызга азайган. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 24,3 пайызга көбөйгөн, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 19,1 пайызга азайган.

Республиканын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (60,3 пайыз) жана Казакстанга (36,8 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

Презентациялар: 

1. 2022-ж. айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жыйынтыктары

2. Кыргыз Республикасында, 2022-ж. 12 айында, түзүлгөн жаңы жумуш орундарынын жана жоюлган жумуш орундарынын саны

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download


Last updating: 05.04.2023, 17:01