2018-жылдын январ-майынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы өсүүдө

Publications: 12.06.2018


Бүгүн, 12-июнда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын январ-майындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин  Улутттук эсептер системасы жана экономикалык баланстар бөлүмүнүн башчысы Амангүл Кудербаева  маалымдагандай ушул жылдын январь-майында, ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 171 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылдын ушул мезгилине  салыштырганда  0,7 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 153  миллиард сомдон ашып, 2,5 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2018-жылдын январ-майында 91 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  3,3 пайызга азайган. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн азаюусу негизги металлдарды, транспорттук каражаттарды, машиналарды жана жабдыктарды  өндүрүүнүн, металл рудаларын казып алуунун көлөмдөрүнүн азаюусу менен шартталды.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2018-жылдын январ-майында 58 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,1 пайызга өстү.

Үстүбүздөгү жылдын май айында, мурунку айга салыштырмалуу республика боюнча баалардын жана тарифтердин 0,5 пайызга төмөндөгөнү белгиленип, тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (1,1 пайызга) жана азык-түлүктүк эмес товарларга (0,1 пайызга) баалардын төмөндөшү менен шартталган. Аны менен бирге, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери мурунку айга салыштырмалуу 0,3 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына 0,1 пайызга жогорулаган.

Үстүбүздөгү жылдын май айында, мурунку айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин республиканын бардык аймактарында төмөндөшү белгиленген. Мунун ичинде, тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга республиканын бардык аймактарында баалар төмөндөгөн, азык-түлүктүк эмес товарларга баалар, Баткен облусунда (0,9 пайызга), Жалал-Абад облусунда (0,5 пайызга) жана Бишкек шаарында (0,4 пайызга) төмөндөгөн. Май айында кызмат көрсөтүү тарифтерине баалар Жалал-Абад облусунда (0,2 пайызга), Чүй облусунда (0,2 пайызга) жана Ош шаарында (0,5 пайызга), төмөндөсө, Бишкек шаарында (0,6 пайызга) жогорулаган.

2018-жылдын январ-майында мурунку жылдын декабр айына салыштырмалуу  жалпы республика боюнча керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 0,1 пайызды түздү. Жыл башынан бери, тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар (1,9 пайызга) жана азык-түлүктүк эмес товарларга баалар (0,7 пайызга) төмөндөгөн.

Баалардын өсүүсү, жыл башынан бери, кызматтарга 3,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына 5,8 пайызга жогорулаган.

2018-жылдын январ-майында  керектөө бааларынын жана тарифтеринин (2,4 пайызга) өсүшү Нарын облусунда байкалса, ошол эле мезгилде, Баткен облусунда (2,7 пайызга) жана Ош шаарында (0,2 пайызга) төмөндөгөн.

Үй чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб 2017-жылда Кыргыз Республикасынын калкынын жакырчылык деңгээли жөнүндө  маалымат берди. 2017-жылдагы кедейчиликтин деңгээли, мурунку жылга карата 0,2 пайыздык пунктка көбөйүү менен өлкө боюнча жалпы 25,6 пайызды түздү. Кедейчиликтин деңгээлин баалоо үчүн керектөө бааларынын орточо жылдык индексинде индексацияланган, 2016-ж. кедейчиликтин чеги колдонулган.

2017-ж. жалпы кедейчиликтин чегинин нарктык чоңдугу калктын адам башына бир жылдын ичинде 32093 сомду, эң төмөнкүсү – 17471  сомду түздү.

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башкы адиси Наргиза Кунева 2016-жылдагы байкоо жүргүзүлбөгөн экономика жөнүндө маалымат берди. 2016-жылдын жыйынтыктары боюнча байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын көлөмү, өндүрүш тарабынан баалаганда 117 миллиард сомго жакынды түзүп, Ички дүң продукттун үлүшүндө 2015-жылы 23,8 пайыздан, 2016-жылы 24,5 пайызга өскөн. Мурдагы жылга салыштырмалуу байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын көлөмүнүн өсүшү, анын үлүшүнүн курулушта (0,6 пайызга), дүң жана чекене соодада (0,1 пайызга), мейманкана жана ресторандардын ишмердигинде (0,1 пайызга), ошондой эле, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикте (0,1 пайызга) өсүүсү менен шартталды.

Социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Рахманова 2017-жылда Кыргыз Республикасында калкты социалдык камсыздоонун негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат берди. 2017-жылдын аягына социалдык коргоо органдарында учетто турган, мамлекеттик пособие алуучулардын саны, акыркы беш жылдыкта 8 пайызга төмөндөө менен,  379 миңге жакын адамды түзгөн.

Ушул эле мезгилде, ай сайын жөлөкпул алуучу азкамсыздалган үй бүлөлөрдүн саны 336 миңден, 292 миң адамга чейин, же 13 пайызга төмөндөгөн, ал эми социалдык жөлөкпул алуучулардын саны, тескерисинче, 2013-жылы 75 миң адамдан, 2017-жылы 87 миң адамга же 16 пайызга жогорулаган.

Презентациялар:


Last updating: 22.06.2018, 13:13