2017-жылдын январ-октябрынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы 3,9 пайызга өстү

Publications: 10.11.2017


Бүгүн, 10-ноябрда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январ-октябрындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

            Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин  төрагасынын орун басары Баисбек Касымбеков маалымдагандай ушул жылдын январ-октябрында, ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 383 миллиард сомго жакындап, мурунку жылга салыштырганда 3,9 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 346  миллиард сомду түзүп,  3,5 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2017-жылдын январ-октябрында 179 миллиард сомду түзүп, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,7 пайызга жогорулады.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн,  тазаланган мунайзат продуктуларын  жана азык-түлүктүк продуктуларды  өндүрүүнүн жогорулоосу менен камсыздалды.

Электроэнергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өстү.

2017-жылдын январ-октябрында мурунку айга салыштырмалуу  жалпы республика боюнча керектөө секторунда инфляциянын деңгээли  2,0 пайызды түздү.

Көбүрөөк өлчөмдө баалар жана тарифтер тамеки заттарына 20,9 пайызга жана кызматтарга 6,4 пайызга өскөн.

Тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар (0,6 пайызга) жогорулаган. Ошол эле мезгилде, августта мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу баалар жана тарифтер азык-түлүктүк эмес продуктуларга 1,5 пайызга жана алкоголдук ичимдиктерге 3,7 пайызга төмөндөгөн.

2017-жылдын январ-октябрында  керектөө бааларынын жана тарифтеринин эң көп жогорулоосу  (6,3 пайызга) Ош облусунда байкалган, ошол эле мезгилде алардын деңгээли Чүй облусунда (0,9 пайызга) жогорулаган. Өтүп жаткан жылдын январ-октябрында Ош облусунда тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын (3,6 пайызга), азык-түлүктүк эмес товарларга (9,0 пайызга), жана тамеки заттарына (1,6 эсеге)  өсүүсү байкалган. Ошол эле мезгилде Бишкекте кызматтарга баалар (8,3 пайызга), Нарын облусунда тамеки заттарына баалар 10,9 пайызга жогорулаган.

Тышкы соода статистикасы башкармалыгынын башчысы Венера Мамбеталиева 2016-жылда жана 2017-жылдын 9 айында тышкы жана өз ара соода жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. 2016-жылдын январ-сентябрына салыштыруу боюнча 2017-жылдын январ-сентябрында экспорттук коюулар 1242,4 миллион АКШ долларын түзүп, 15,8 пайызга жогорулаган, ушул эле убакыт аралыгында, импорттук келүп түшүүлөр 3182,0 миллион АКШ долларын түзүп, 7,3 пайызга жогорулаган. 2017-жылдын январ-сентябрында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен республиканын өз ара соода жүргүзүүсүнүн көлөмү 1708,3 миллион АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын январ-сентябрына салыштыруу боюнча 11,6 пайызга өскөн. Анын ичинде, товарлардын экспотру 32,3 пайызга, ал эми импорт – 5,8 пайызга жогорулаган.

Финансы статистикасы бөлүмүнүн башчысы Чынаркуль Садырбековна 2016-жылы камсыздандыруу уюмдарынын ишмердигинин көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат берди.  2016-жылда камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы көлөмүнүн негизги бөлүгү (91 пайыздан ашыгы)  өз эрки менен камсыздандырууга туура келген. 2012-жылга салыштырмалуу келишимдер боюнча  камсыздандыруу суммасы 3,8 эсе жогорулаган,  ал эми камсыздандыруу төлөмдөрү 2,7 эсеге өскөн.

 Туруктуу өнүктүрүү жана айлана чөйрө статистикасы башкармалыгынын башчысы Каныкей Орозбаева айыл жериндеги таза суунун абалы жөнүндө айтып берди. 2016-жылы суу керектөөнүн көлөмү 4,7 миллиард куб.метрди түзүп, 2015-жылга салыштыруу боюнча 10,6 пайызга азайган. Суу керектөөнүн жалпы көлөмүнүн маанилүү үлүшү (95 пайызы) сугарууга жана айыл чарбасын суу менен камсыздоого колдонулган.

Демографиялык статистика бөлүмүнүн башкы адиси Тамара Таипова Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаал жөнүндө маалымат берүү менен, пресс-конференциядагы чыгып сүйлөөлөрдү аяктады. Калктын миграциялык чыгып кетүүлөрүнүн төмөндөөсүнүн натыйжасында, республиканын калкынын санынын өсүү көрсөткүчүнүн жогорулоосу мүнөздөлдү.

Презентациялар:


Last updating: 10.11.2017, 12:07