Республика боюнча көмүргө карата орточо баанын төмөндөшү белгиленди. 2020-жылдын 16-январына карата кыскача обзор

Publications: 17.01.2020


 

Чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде КР Улутстатком тарабынан республиканын 18 калк жашоочу пункттарында көмүрдүн (импорттук жана жергиликтүү өндүрүштүн)  орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

2020-жылдын 16-январына карата көмүрдүн  чекене баалары 2019-жылдын декабрь айындагы орточо чекене бааларга салыштырмалуу республика боюнча орточо 51,13 сомго же 1,1 пайызга төмөндөдү.

Ошентип, көмүрдүн эң жогорку баалары   Ноокат   (бир тонна үчүн – 7 611,43 сом), Баткен  (бир тонна үчүн - 7 140,04 сом), Кара-Суу (бир тонна үчүн – 6 245,00 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 6 245,00 сом) шаарларында белгиленди.

Минималдуу чекене баалар, өткөн мезгилдегидей эле, Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн –  3 694,59 сом), Нарын шаарында  (бир тонна үчүн –  3 500,00 сом)  жана Чаек айылында (бир тонна үчүн – 2 500,00 сом) байкалды. Ушул эле учурда,  көпчүлүк шаарларда көмүрдүн баасы өзгөрүүсүз сакталып калды.

Көмүрдүн  баасы  эң чоң өлчөмдө Өзгөн шаарында – анда бир тоннасы  402,69 сомго же 8,1 пайызга, Ноокат шаарында – бир тоннасы  181,69 сомго же 2,4 пайызга жана  Токмок шаарында – бир тоннасы  184,73 сомго же 4,9 пайызга  кымбаттады. Ушуну менен катар эле, Баткен шаарында бир тонна үчүн көмүрдүн  баасы  – 667,89 сомго же 8,6 пайызга,  Токтогул шаарында – 187,51 сомго же 3,9 пайызга  төмөндөдү.     

Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары
 (бир тонна, сом)

 

2019-ж.

декабрына

2020-ж.

16 - январына

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү (-)

Кыргыз Республикасы

4 544,94

4 493,81

-51,13

 Каракол ш.

5 556,98

5 594,55

37,57

 Балыкчы ш.

3 694,59

3 694,59

0,00

 Кербен ш.

4 647,58

4 647,58

0,00

 Токтогул ш.

4 750,00

4 562,49

-187,51

 Джалал- Абад ш.

5 306,91

5 129,93

-176,98

 Чаек а., Жумгал району

2 500,00

2 500,00

0,00

 Нарын ш.

3 500,00

3 500,00

0,00

 Исфана ш.

6 387,49

6 245,00

-142,49

 Баткен ш.

7 807,93

7 140,04

-667,89

 Кара-Суу ш.

6 245,00

6 245,00

0,00

 Ноокат ш.

7 429,74

7 611,43

181,69

 Өзгөн ш.

4 983,28

5 385,97

402,69

 Покровка а., Манас району

4 500,00

4 500,00

0,00

 Талас ш.

5 084,29

5 200,00

115,71

 Кара-Балта ш.

3 900,00

3 900,00

0,00

 Токмок ш.

3 800,00

3 984,73

184,73

 Бишкек ш.

3 970,68

3 948,98

-21,70

 Ош ш.

5 966,48

6 098,38

131,90

        Баадагы факторлордон тышкары, товар-өкүлдөрдүн ассортиментинин өзгөрүүсү, ошондой эле соода    

        точкаларынын алмашуусу орточо баанын деңгээлине таасирин тийгизет. 

Кыска маалымат: Бааларды каттоонун эң негизги методологиялык принциптеринин бири-баалардын үзгүлтүксүз жана таза өзгөрүүлөрүн сактоо болуп саналат. Баалардын өзгөрүшүнө жүргүзүлгөн байкоо, чекене бааларды, товарды же  кызмат көрсөтүүлөрдү бирдей мезгилде бирдей сапатта каттоону, сатууну жана акы төлөөнү бирдей шарттарда ишке ашырууну, сандын бирдей бирдиктерин карайт. Байкоого мекенде өндүрүлгөн жана импорттук көмүр, басымдуу түрдө Казакстандан алынып келген көмүр алынат.Бааларды каттоо, соода ишканаларына жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө каттоочулар жеке өздөрү ошол жерлерге барып, бааларды   каттоону смартфонду колдонуу менен жүргүзүшөт. Ошол эле учурда сатуу точкаларында товарлардын сунушталган баалары эмес, алардын иш жүзүндө сатылган баалары катталат. Ошондой эле рыноктор үчүн соода абдан кызуу жүрүп жаткан убакыттын ичинде бааларды каттоо маанилүү болуп саналат.

 

_____________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 17.01.2020, 14:02