2018-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу жеке турак үйлөрдү ишке киргизүүнүн жалпы аянтынын көлөмдөрүнүн өсүшү белгиленди

Publications: 14.11.2019


2019-жылдын январь-октябрында жалпы аянты 788,3 миң чарчы метр болгон 6,9 миң жеке турак үй пайдаланууга берилди, бул 2018-жылдын январь-октябрына караганда 9,7 пайызга көп.

2018-жылдын январь-октябрына салыштырганда Баткен облусу жана Ош ш. башка бардык региондордо ишке киргизилген жеке турак жайлар көбөйдү.

Көбүрөөк ишке киргизилген жеке турак жайлар Жалал-Абад облусунда – 19,7 пайызга жана  Бишкек шаарында – 19,3 пайызга өстү.

Январь-октябрда аймактар боюнча жеке турак үйлөрдүн ишке киргизилиши

 

Жалпы аянттын миң ч. м

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата, пайыз менен

 

2018

2019

2018

2019

  Кыргыз Республикасы

718,6

788,3

106,0

109,7

  Баткен облусу

54,8

54,0

112,5

98,5

  Жалал-Абад облусу

123,9

148,3

96,9

119,7

  Ысык-Көл облусу

59,3

67,6

125,0

113,9

  Нарын облусу

28,3

30,8

125,4

108,9

  Ош облусу

151,8

159,0

98,4

104,8

  Талас облусу

37,4

40,5

100,6

108,3

  Чүй облусу

129,6

134,9

102,0

104,1

  Бишкек ш.

103,3

123,3

116,5

119,3

  Ош ш.

30,2

29,9

124,8

99,1

Ишке киргизилген жеке турак жайлардын негизги үлүшү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарына, ошондой эле Бишкек шаарына туура келди.

Январь-октябрда аймактар боюнча жеке турак үйлөрдүн жалпы аянтынын ишке киргизилиши
(жеке турак үйлөрдүн жалпы аянтынын ишке киргизилишине карата пайыз менен)

 

2019-жылдын январь-октябрында республикада курулган жеке турак үйлөрдүн аянтынын орточо өлчөмү 115 чарчы метрге жакынды түздү. Жеке турак үйлөрдүн эң чоңу өлчөмү Бишкек (159 чарчы метр), Ош шаарына (130 чарчы метр) жана Талас облусуна (122 чарчы метр), ал эми эң азы Ош облусуна (100 чарчы метр) жана Жалал-Абад облусуна (103 чарчы метр) туура келет.

 

_____________________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |e-mail:birukova@stat.kg;

|тел. + 996 (312) 324642

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 

 

 


Last updating: 14.11.2019, 15:28