2019-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу пневмониядан каза болгондордун саны 2,3 эсеге көбөйдү

Publications: 30.12.2020


Кыргыз Республиканын Саламаттык сактоо министрликтин оперативдүү маалыматтары боюнча, 2020-ж. январь-октябрында пневмония ооруларынын 30 миң учуру, ал эми 2019-жылдын тийиштүү мезгилинде  26 миң учур катталган, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 15 пайызга көп.

Январь-октябрда пневмония менен ооругандардын саны

(учурлар)

 

2019

2020

Кыргыз Республикасы

26 255

30 088

Баткен облусу

3 013

2 606

Жалал-Абад облусу

5 037

5 028

Ысык-Көл облусу

2 144

4 160

Нарын облусу

1 411

1 766

Ош облусу

5 105

4 804

Талас облусу

1 201

1 310

Чүй облусу

3 921

5 207

 Бишкек шаары

3 373

4 192

 Ош шаары

1 050

1 015

Пневмония оорусу өткөн жылдын январь-октябрына салыштырганда Чүй облусунда 1,3 эсеге,  Ысык-Көл облусунда – 1,9 эсеге, ошондой эле - Бишкек шаарында 24 пайызга өскөнү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында коронавирус инфекциясына байланыштуу медициналык-санитардык мекемелерге кайрылган 21 миңге жакын адам катталган. Кайрылгандардын жалпы санынын ичинен эң чоң үлүшү Бишкек шаарына – 35 пайызы, Ош облусуна – 22 пайызы, Чүй жана Жалал-Абад облустарына – 12 пайызы туура келди. Үстүбүздөгү жылдын 10 айына карата стационарларга 37 миңге жакын оорулуулар келип түшкөн, алардын эң көп үлүшү Ош облусуна- 16 пайызы, Жалал - Абад облусуна - 14 пайызы жана Чүй облусуна - 11 пайызы туура келди.

2020-жылдын январь-октябрында COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны      (учурлар)

 

Медициналык баштапкы жардам көрсөтүү мекемелерине кайрылгандардын саны

Ооруканаларга түшкөндөрдүн саны

Кыргыз Республикасы

20 748

 36 851

Баткен облусу

954

                     2 708

Жалал-Абад облусу

2 454

                      5 132

Ысык-Көл облусу

962

                      3 879

Нарын облусу

78

                     1 723

Ош облусу

4 633

                     5 876

Талас облусу

309

                    1 461

Чүй облусу

2 579

                    4 148

 Бишкек шаары

7 192

                    1 603

 Ош шаары

1 587

                    3 060

Саламаттыкты сактоо министрлигинин республикалык мекемелери

...

                   7 261

2020-ж. январь-октябрында өлүмдүн себептери боюнча өлгөндөрдүн жалпы санынын ичинен жарымынан көбү (52 пайызы) кан айлануу системасынын ооруларына, 11 пайызы - шишик ооруларына жана дем алуу органдарынын ооруларына - 7 пайызы туура келди.

Ушул эле учурда, 2019-ж. январь-октябрында пневмониядан 505 адам каза болгон, бул өлгөндөрдүн жалпы санында дем алуу органдарынын ооруларынан 33 пайызга жакынын түздү, ал эми 2020-жылдын январь-октябрында алардын саны 1 189 адамды же 53 пайызды түздү.

Өткөн жылдын январь-октябрында пневмониядан каза болгондор калктын 100 миңине деп алганда 9 өлгөндөрдү түзгөн, ал эми 2020-жылдын январь-октябрында 22 өлгөндөрдү түзгөн же 2,3 эсеге көп.

Ушул жылдын он айында коронавирустук инфекциядан (COVID-19) 1 693 адам же калктын 100 миңине деп алганда 31 өлгөндөр түздү.

Пневмониядан болгон өлүмгө учуроолордун орточо республикалык көрсөткүчтөн кыйла жогору болушу Чүй жана Нарын облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында, ал эми коронавирустук инфекциядан (COVID-19) болгон өлүмдөр Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Нарын облусунда белгиленди.

Аймактар1 боюнча 2020-жылдын январь-октябырга карата пневмониядан жана коронавирустук инфекциядан (COVID-19) каза болгондордун саны

 (калктын  100 миңине)    

1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтары

 

______________________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Демографиялык статистика бөлүмү  e-mail: gabdullaeva@stat.kg. тел.+996(312) 325546.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Last updating: 30.12.2020, 11:39