2020-жылдын III кварталына карата “Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень” басууга даярдалды

Publications: 26.11.2020


Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2020-жылдын III кварталындагы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздоо деңгээлинин талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүктүн жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрү, калктын адам башына карата азык-түлүктүн керектөөсү жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана тутумдаштырылган.

Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалары жөнүндө маалымат, 2020-жылдын январь-июнундагы 5 016 үй чарбаларынын интеграциялык изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган. Кененирээк «Басылма» бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.

 

______________________________________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө

 статистикасы башкармалыгы      

 

Үй чарба статистикасы бөлүмү                  

| e-mail: NKerimalieva@stat.kg  |  тел. + 996 (312)  324691

 

 

| e-mail:y.kalymbetova @stat.kg |  тел. + 996 (312)  324655

 

 

 

 

 

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын
30-беренеси).


Last updating: 27.11.2020, 09:21