«Улуттук статистика комитети жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Жарлыкка кол коюлду

Publications: 24.09.2020


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Жарлыкка кол койду.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын июлунда «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирди, анын негизги максаты расмий статистика жаатында БУУнун негиз болуучу принциптерине толук ылайык келтирүү менен жогорку сапаттагы расмий статистикалык маалыматтарды жүргүзүү үчүн мыйзамдык негизди түзүү болуп саналат. Анын негизгилери маалыматтын калыстыгы жана объективдүүлүгү, тактыгы жана ишенимдүүлүгү, ачыктыгы жана айкындуулугу, статистикалык купуялуулук, эл аралык деңгээлдеги макулдашуучулук жана салыштыруу принциптери.

Мындан улам, Улуттук статистика комитетинин алдында жаңы маселелерди, функцияларды, укуктарды жана милдеттерди, ошондой эле жаңылоону жана учурда колдонуудагыларды кайра карап чыгуу коюлган.

Аталган Жобонун кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишин эффективдүү иштешише өбөлгө түзүп, анын  статусун жана ыйгарым укуктарын аныктоо, комитеттин өзүнүн жана анын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишмердигин ичтен уюштуруусун жана тартибин, башка уюмдар жана жарандар менен болгон өз ара мамилелерин, расмий статистика чөйрөсүндө, анын ичинде улуттук статистика тутумундагы укуктарды жана милдеттерди жөнгө салуу болуп саналат.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.  Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Last updating: 24.09.2020, 15:50