Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмүнүн төмөндөшү белгиленди

Publications: 31.05.2017


2016-жылы алдын-ала маалыматтар боюнча тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 2015-ж. салыштырмалуу 2,4 эсе  кыскарып, 654,8 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (дээрлик 86 пайызы) финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, геологиялык чалгындоого, иштетүү өндүрүш ишканаларына, ошондой эле электр энергиясы, газ, буу  жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдууга) багытталды. Муну менен бирге, иштетүү өндүрүш ишканаларына багытталган инвестициялардын көлөмү - 3,6 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө - 2,3 эсеге, электр энергиясы, газ, буу  жана кондицияланган аба менен камсыздоо - 1,9 эсеге,   геологиялык чалгындоого –1,7 эсеге төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдүн ичинен негизги инвестор – түшүү көлөмү 39 пайызга төмөндөгөн Кытай болуп эсептелди. Муну менен катар, Улуу Британиядан, Канададан жана Туркиядан тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы олуттуу кыскарды, бул жалпысынан КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген түшүүлөрдүн 2,5 эсеге төмөндөшүн шарттады.

КМШ өлкөлөрүнөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 2015-ж. салыштырмалуу 2,2 эсеге төмөндөдү, алардын Россиядан жана Беларустан келүүсүнүн олуттуу кыскарышынын эсебинен болду. Муну менен бирге, Казахстандан келген түшүүлөрдүн көлөмү 8,9 пайызга  көбөйдү.

 

 

 

 

 

 

 

____________________________________________________________________

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын  |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

инвестиция статистикасы бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 31.05.2017, 10:50