2020-жылдын январь-июнунда тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү

Publications: 16.09.2020


2020-жылдын январь-июнунда 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2,4 эсеге кыскарды жана 164,4 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу бардык түзүүчүлөрдө төмөндөгөнү белгиленди. Муну менен бирге, кайра инвестицияланган пайданын төмөндөшү (анын көлөмү ишканалардын бөлүштүрүлбөгөн кирешесине (чыгашасына) жараша болот) 2019-жылдын  I жарым жылдыгына салыштырмалуу төлөнгөн дивиденддердин 15 эседен ашык көбөйүшү менен шартталды.

Январь-июнда тике чет өлкөлүк  инвестициялардын келип түшүүсү1

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2019

2020

2019

2020

Бардыгы

393,7

164,4

100

100

Менчик капитал

7,1

4,4

1,8

2,7

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

144,5

90,4

36,7

55,0

Башка инвестициялар

242,1

69,6

61,5

42,3

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

210,1

60,4

53,4

36,7

соода кредиттери

31,9

6,7

8,1

4,1

башка кредитордук карыз

0,1

2,5

0,0

1,5

1Чыгып кетүү агымын эсептебегенде.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (83 пайызы) иштетүү өндүрүштөрүнүн ишканаларына, геологиялык чалгындоого, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, маалымат жана байланышка, ошондой эле, дүң жана чекене соодага багытталган. Муну менен бирге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө багытталган инвестициялардын көлөмү – 29,6 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта  геологиялык чалгындоого инвестициялар – 6,0 эсеге,  иштетүү өндүрүштөрүнүн   ишканаларына – 2,2 эсеге, маалымат жана байланышка – 27,9 пайызга, дүң жана чекене соодага - 23,9 пайызга төмөндөдү. 

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2019-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 2,7 эсеге кыскарды, бул негизинен, алардын Канададан (11,5 эсеге), Улуу Британиядан (7,1 эсеге,) Кытайдан (3,5 эсеге), Германиядан (6,4 эсеге), Швейцариядан (2,1 эсеге) жана Нидерланддан (3,8 пайызга) алардын төмөндөшүнүн эсебинен жүрдү. Муну менен катар,  Кошмо Штаттан инвестициялар - 2,2 эсеге, Кореядан - 2,0 эсеге жана Түркиядан  17,7 пайызга көбөйдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (келип түшкөн инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 31,4 пайызы), Нидерландга (18,3 пайызы), Түркияга (12,5 пайызы) жана Улуу Британияга (5,6 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2019-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 0,7 пайызга көбөйдү, бул Казакстандан келген инвестициялардын 1,8 эсеге өсүшүнүн эсебинен болду. Муну менен катар, Россиядан келген инвестициялар 1,7 эсеге төмөндөдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2019-жылдын I жылдыгына салыштырмалуу Ош шаарына – 9,5 эсеге, Ош облусуна – 4,4 эсеге, Баткен облусуна – 1,7 эсеге көбөйдү, ошол эле убакта калган облустарга инвестициялардын келип түшүү агымы кыскарды.

Үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын  көлөмүндө эң  чоң салыштырма салмак Бишкек шаарынын ишканаларына - 53 пайыздан ашыгы, Чүй облусуна – 30 пайыздан ашыгы, ошондой эле Жалал-Абад облусуна -13 пайызга жакыны туура келди.

2020-жылдын январь-июнунда 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк  инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2,2 эсеге көбөйдү жана 603,9 млн. АКШ долларын түздү. Ушул эле учурда, чыгып кетүү агымы келип түшүү агымынын деңгээлинен 439,5 млн. долларга ашты. 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу менчик капиталдан башка, бардык түзүүчүлөрдө чыгып кетүү агымынын көбөйгөнү белгиленди.

Январь-июнда тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2019

2020

2019

2020

Бардыгы

273,0

603,9

100

100

Менчик капитал

28,9

13,8

10,6

2,3

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

70,6

274,1

25,9

45,4

Башка инвестициялар

173,5

316,0

63,5

52,3

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

90,2

229,3

33,0

38,0

соода кредиттери

82,8

86,7

30,3

14,3

башка кредитордук карыз

0,5

0,0

0,2

0,0

2020-жылдын январь-июнунда инвестициялардын чыгып кетүү агымы айыл чарбасынан, электроэнергия, газ, жана буу менен камсыздоодон (жабдуу), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруудан, ошондой эле башка тейлөө ишмердигинен башка, ишмердиктин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда көбөйгөнү байкалды.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2019-жылдын жылдын I жылдыгына салыштырмалуу 2,4 эсеге көбөйдү, бул негизинен, алардын Улуу Британияга (12,0 эсеге), Швейцарияга (11,6 эсеге), Канадага (9,3 эсеге), Кореяга (3,5 эсеге), Германияга (2,2 эсеге), Кытайга (2,1 эсеге) жана Түркияга (1,8 эсеге) чыгып кетүү агымынын көбөйүшүнүн эсебинен болду.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү  агымы 16,6 пайызга көбөйдү, бул инвестициялардын Россияга (3,0 эсеге) чыгып кетүү агымынын көбөйүшүнүн эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициялардын Казакстандан (2,1 эсеге) чыгып кетүү агымы төмөндөдү.  

2019-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу Нарын жана Ош облустарынан башка, бардык  облустарда тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын көбөйүшү белгиленди.

 

____________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана  тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө  милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси).


Last updating: 16.09.2020, 11:12