ПРЕСС-АНОНС: 2020-жылдагы республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө

Publications: 13.01.2021


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети журналисттердин катышуусу менен пресс-конференцияларды жандандырып (офлайн тартибинде), ал ай сайын уюштурулмакчы. 14-январда 2020-жылдагы республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалымат берилет. Мындан тышкары иш чара Улутстаткомдун Facebook баракчасынан түз эфирде көрсөтүлөт (http://www.facebook.com/statcom.kg).

Басма сөз жыйынында Улутстаткомдун кызматкерлери ички дүң продуктунун (ИДП) түзүлүшү жана көлөмү жөнүндөгү расмий маалыматтар, республиканын жана аймактардын өнөр жай өндүрүшү, айыл чарбасы, ЕАЭБ биримдигине мүчө өлкөлөр жана үчүнчү өлкөлөр менен болгон экспорт-импорттук операциялар тууралуу маалымат берилет. Мындан тышкары 2020-жылы керектөө баалардын жана тарифтердин өзгөрүлүшү, жашоо минимуму жөнүндө сөз болот.

Убактысы: 2021-жыл, 14-январь, башталышы саат 10.00

Жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374.

Сүйлөй тургандар:            

  • Акылбек Шакирович Султанов – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы
  • Ы.Калымбетова - үй чарбалык статистикасы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу;
  • Айнура Нурбаева, баалар жана тарифтер статистикасы бөлүмүнүн жетекчиси.   

Мындан тышкары журналисттер кызыккан суроолору боюнча Улутстаткомдун тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен маалымат же кеңеш сурай алат.

Дагы толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу үчүн басма сөз катчысы Асель Акматалиевага кайрылсаңыздар болот. тел.625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

Биз байланыштабыз:

www.stat.kg   

Facebook

тел.625747


Last updating: 13.01.2021, 09:57