Улуттук статистика системасын өнүктүрүү маселелерин талкуулоо улантылууда

Publications: 06.12.2018


Бүгүн Бишкек шаарында «Башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн, сапаттуу жана ишенимдүү маалыматтар» темасында маектешүү өткөрүлдү. Бул иш-чара «Статистиканы өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу» долбоорунун алкагында, Дүйнөлүк банктын колдоосунда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан уюштурулду.  

Иш-чаранын максаты, Кыргыз Республикасынын улуттук статистикалык системасын өнүктүрүү, ошондой эле, башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн, сапаттуу статистикалык маалыматтарды берүү боюнча маселелерди талкуулоо үчүн платформа түзүү.     

Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Өкмөтүнүн Аппаратынын, Жогорку Кеңешинин,  министрликтеринин жана мекемелеринин, илимий коомчулуктун, жогорку окуу жайларынын, бейөкмөт уюмдардын жана бирикмелердин өкүлдөрү  катышты.    

Талкуунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” мыйзам долбоору, Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоонун кезектеги раундун даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын мониторинг жана отчёттуулук системасын түзүү, башкаруу чечимдерин кабыл алуудагы расмий статистиканын ролу, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын улуттук статистика системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча маалыматтар берилди.  

Жалпысынан, тегерек столдун иши ийгиликтүү өттү, катышуучулардын сунуштарын жана каалоолорун кароонун жыйынтыктары боюнча  резолюция түзүлөт.

 

 


Last updating: 19.12.2018, 15:25