Негизги тамак-аш азыктарына болгон баанын өсүшүнөн улам, 2020 - жылдын I кварталында жашоо минимуму 10,4 пайызга өстү

Publications: 07.04.2020


     2020-жылдын I кварталында жашоо минимумунун нарктык чоңдугу жан башына 5167,21 сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 10,4 пайызга өстү. Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында январь-март айларында жашоо минимумунун нарктык чоңдугунун өсүшү белгиленди.  

Аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен жан башына, айына сом менен)

     Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди, ага ылайык азык-түлүк товарлардын үлүшү (калк үчүн орто эсеп менен) 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен жан башына, айына сом менен)

 

I квартал

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен

2019

2020

Бардыгы

4 681,31

5 167,21

110,4

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк

5 218,80

5 778,67

110,7

    анын ичинен:

 

 

 

   эркектер

5 323,59

5 901,35

110,9

   аялдар

5 165,12

5 733,85

111,0

Пенсионерлер

4 168,37

4 613,19

110,7

Балдар

4 000,85

4 386,95

109,7

     анын ичинен, жашы:

 

 

 

  0дөн 7ге чейинки

3 573,81

3 897,33

109,1

  7ден 14кө чейинки

4 143,44

4 561,11

110,1

  14төн 17ге чейинки

4 503,73

4 954,06

110,0

 

     Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, тамак-аш азыктарынын  минималдуу топтомунун, тамак-аш азыктарынын топтомунун химиялык курамын жана  энергетикалык баалуулугун, жашоо минимумунун көлөмүн эсептөө методикасын камтыган, «Калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтомуна ылайык, квартал сайын жашоо минимумунун нарктык чоңдугун эсептеп чыгарат.

 

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө
 статистикасы башкармалыгы     

 Үй чарба статистикасы бөлүмү                  

| e-mail:NKerimalieva@stat.kg;  |  тел. + 996 (312) 324691

 
|   e-mail: Y.Kalymbetova@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  664164

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Last updating: 07.04.2020, 12:21