ИДПнын көлөмүнүн өсүшү өткөн жылдын январь-декабрына салыштырганда товарларды өндүргөн тармактардын өсүү темпинин жогорулашынын эсебинен камсыздалды

Publications: 15.01.2018


 

Ички дүң продукт (ИДП) 2017-ж. январь-декабрында алдын-ала  баалоо боюнча 493 млрд. сомдон ашты, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилинин деӊгээлинен 4,5 пайызга жогору.

 ИДПнын өсүшү өнөр жай, курулуш, айыл чарба жана кызматтарды көрсөткөн тармактар тарабынан камсыз кылынды. Муну менен бирге товар өндүрүү тармактарынын мурунку жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу өсүшү 107,5 пайызды (2016-ж. январь-декабрында - 104,9 пайыз), ал эми  кызмат көрсөткөн тармактар  - 102,1 пайызды (2016-ж. январь-декабрында -103,0 пайыз) түздү. 

Өткөн жылдын январь-декабрында салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 0,8 пайыздык пунктка (негизинен үлүшү 1,0 пайыздык пунктка көбөйгөн өнөр жайдын эсебинен) өсүп, 40,0 пайызды түздү, ошол эле убакта кызмат көрсөткөн тармактардын үлүшү тескерисинче 1,1 пайыздык пунктка азайып, 48,7 пайызды түздү.

2017-жылдын январь-декабрындагы экономикалык иштин түрлөрү боюнча ИДП

        (пайыз менен)

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү темптериөмөндөшү- )

ИДПнын түзүмү

2016

2017

ИДП

493322,0

4,5

100,0

100,0

Товарларды өндүргөн тармактар

197132,4

7,5

39,2

40,0

Айыл чарбасы, токой чарбасы             жана  балык уулоочулук

63748,1

2,2

13,2

12,9

Өнөр жай

90758,9

11,8

17,5

18,5

Пайдалуу кендерди казуу

7148,0

78,4

1,0

1,5

Иштетүү өндүрүшү (Иштетүү өнөр жайы)

74743,8

7,6

14,8

15,2

Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

7884,2

10,1

1,5

1,6

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

982,9

6,6

0,2

0,2

Курулуш

42625,4

7,1

8,5

8,6

Кызматтарды көрсөткөн тармактар

240638,2

2,1

49,8

48,7

Дүң жана чекене соода; автомобилдерди
жана мотоциклдерди оңдоо

93434,2

5,7

18,7

18,9

Транспорт ишртери жана жүктөрдү сактоо

19841,5

7,6

3,9

4,0

Мейманканалардын жана ресторандардын иштери

8931,5

8,3

1,9

1,8

Маалымат жана байланыш

16862,6

-17,5

3,9

3,4

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

101568,4

1,0

21,4

20,6

Продуктуларга таза (субсидиялар

эсептен алынган) салыктар

55551,4

4,5

11,0

11,3

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: a.kuderbaeva@stat.kg;

 тел. + 996 (312) 324695, 325351

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Last updating: 16.01.2018, 11:13