Рынок труда

Publications: 02.05.2017


Кыргыз Республикасындагы эмгек рыногундагы жагдай экономикалык жана социалдык чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө жараша куралып турат.

Экономикалык активдүүлүктүн деңгээли, иш менен камсыздоо жана жумушсуздуктун деңгээли эмгек рыногунун маанилүү индикаторлору болуп эсептелет.

Калктын экономикалык активдүү, иштеген жана жумушсуз бөлүгү тууралуу маалыматтар 2003-жылдан бери туруктуу негизде Улутстатком тарабынан үй чарба жана жумушчу күчүнүн бюджетин изилдөөлөрдүн негизинде алынат. Бул иш чара республика боюнча 5000 үй чарбасын камтыйт. Кийин анын жыйынтыктары калктын бардык катмарларына жайылат.

Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча1 2015-жылы калктын 15 жана андан жогорку жаштагы экономикалык активдүү бөлүгү 2544,3 миң адам, анын ичинен 2352,1 миңи иштегендердин ал эми 192,2 миңи жумушсуздардын катарында катталган.       

 

 

Калктын 15 жана андан жогорку жаштагы экономикалык активдүү бөлүгү

(мин адам)

 

 

 

 

 

Экономикалык активдүү калк

Анын ичинде

Экономикалык активдүү эмес калк

иштегендери

жумушсуздары

         

Бардыгы

2 544,3

2 352,1

192,2

1 534,3

эркектер

1 501,0

1 402,9

98,1

487,2

аялдар

1 043,3

949,2

94,1

1047,1

 

Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары көрсөткөндөй экономикалык активдүүлүктүн деңгээли 2014-жылга салыштырганда 62,4 пайызды, ал эми иш менен камсыздоо деңгээли 57,7 пайызды түздү.

 Калктын жалпы экономикалык активдүү бөлүгүндө айыл жергесиндегилердин үлүшү көптүк кылат. Айыл арасында бул көрсөткүч 65,6 пайыз (1669,5 миң адам), ал эми шаар жергесинде – 34,4 пайыз (874,8 миң адам). Гендердик өңүттөн караганда 41,0 пайызын аялдар (1043,3 миң), эркектер 59,0 пайызын (1501,0 миң) түздү

Экономикалык активдүүлүктүн деңгээли айыл жеринде шаардагыдан 2,9 пайызга жогору турат.

Калктын 15 жана андан жогорку жаштагы экономикалык активдүү бөлүгү, иштегендердин, жумушсуздардын деңгээли

(пайыз түрүндө)

 

Экономикалык активдүүлүктүн деңгээли

Иштегендердин деңгээли

Жумушсуздардын деңгээли

 
 

Бардыгы

62,4

57,7

7,6

 

эркектер

75,5

70,6

6,5

 

аялдар

49,9

45,4

9,0

 

Шаар калкы

60,5

55,6

8,1

 

Айыл калкы

63,4

58,8

7,3

 

 

Аялдар мен эркектердин ортосундагы ажырым көбөйдү: 2015-жылы ал 25,6 пайыз болсо, 2014-жылы 24,6 пайыз болгон.

Жашаган жери жана жынысы боюнча калктын экономикалык активдүү бөлүгү

(Калктын 15 жана андан жогорку жаштагыларына салыштырмалуу пайыз менен)

Ишке жарактуу курактагы калктын экономикалык активдүүлүгү 69 пайызды, эркектер арасында – 81 пайызды, аялдар арсында – 56 пайызды түздү.  

Ишке жарактуу курактагы калктын экономикалык активдүүлүгү * 

(пайыз түрүндө)

 

 

 

 

 

Экономикалык активдүүлүктүн деңгээли

Иштегендердин деңгээли

Жумушсуздардын деңгээли

 
 

Бардыгы

69,0

63,7

7,7

 

эркектер

81,2

75,8

6,6

 

Аялдар

56,5

51,2

9,4

 

Шаар калкы

66,6

61,1

8,3

 
         

эркектер

79,9

73,8

7,6

 

аялдар

54,2

49,1

9,4

 

Сельское население

70,4

65,1

7,4

 
         

эркектер

81,8

76,8

6,1

 

аялдар

57,8

52,3

9,4

 

* Ишке жарактуу курак: эркектер үчүн 16дан  63жашка чейин, аялдар учүн – 16дан 58 жашка чейин.

Региондор боюнча калктын экономикалык активдүүлүгүнүн эң жогорку деңгээли Талас (76,6 пайыз), Ош (70,7 пайыз), Баткен (62,8 пайыз)  облустарында, Бишкек шаарында (66,2 пайыз) жана эң төмөнкүсү - Нарын облусунда (47,9 пайыз)


Last updating: 13.05.2017, 09:43