Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү

Publications: 20.11.2020


Бүгүн, 20-ноябрда, Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү. Бул жыйындын максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-октябрындагы буйругуна ылайык, региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн индикаторлор системасын иштеп чыгып, мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышы боюнча бир катар андан аркы кадамдарды белгилөө болду.

Чогулгандарга Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов саламдашуу сөзү менен кайрылып, отурумдун катышуучуларына Улутстаткомдун индикаторлор тутумун түзүүгө жана министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте кварталдык негизде анын жыйынтыктарын иштеп чыгууга даяр экенин маалымдады. Ошондой эле: "Кыргыз Республикасынын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо тутумунун көрсөткүчтөрү региондук өнүгүүнү жөнгө салуунун мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу үчүн ишенимдүү жана объективдүү негиз болот",- деп баса белгиледи.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары - Жумушчу топтун жетекчиси Жетиген Бакиров сүйлөдү, ал: "Ушул буйрукка ылайык региондук статистиканын көрсөткүчтөрү кварталына бир жолу Улутстатком тарабынан жаңыланат жана региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу үчүн объективдүү негиз болуп кызмат кылат", – деп белгиледи.

Иш чаранын жүрүшүндө ошондой эле аймактарды баалоонун мониторинг тутумун түзүү маселелери жана анын методикасы талкууланды.

 


 


Last updating: 20.11.2020, 16:55