2020-жылкы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиясынын үчүнчү отуруму болуп өттү

Publications: 05.07.2019


2019-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун төрагалыгы астында 2020-жылкы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиясынын үчүнчүотуруму болуп өттү. Ал өз сөзүндө, Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун Календардык планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндөкатышуучуларга маалымдама берди.

Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов катышуучулардын көңүлүн Бишкек шаарынын жана ага жакын жайгашкан Чүй облусунун райондорунун административдик-аймактык чек араларын тактоо жана борбор калаада жана аймактарда аты жок көчөлөргө аталыштарды, номери жок турак жайларга номер берүү иштеринебайланышкан Календардык пландын айрым иш чараларын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек шаарынын мэринин жеткиликсиз иштерине акцент жасады.

Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Кошой Исалиев Кыргыз Республикасында 2019-жылы пилоттук (сыноо иретиндеги ) эл жана турак жай фондун каттоосунун өткөрүлгөндүгү, анын жыйынтыгы менен каттоо баракчаларынын формаларына өзгөртүүлөрдү, ошондой эле элдин аларды мыкты түшүнүп кабыл алышы үчүн, кошумча тактоолорду киргизүү жөнүндөгү маселелерди Республикалык комиссиянын талкуусуна койду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, малекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына (макулдашуу боюнча) 2019-жылдын 31-августуна чейин аталышы жок көчөлөргө аталыш жана турак үйлөргө номерлерди берүүжана табличкаларды илүү иштерин аткаруу боюнча так мөөнөт берилди.

 

 

        

 

  

Статистикалык каттоолор бөлүмү

e-mail: r.chynybaeva@stat.kg   

тел. + 996 (312) 32 53 36

e-mail: r.chynybaeva@stat.kg    


Last updating: 05.07.2019, 19:25