Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиясынын экинчи отуруму болуп өттү

Publications: 20.02.2019


2019-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиясынын экинчи отуруму болуп өттү. Ал өз сөзүндө, Комиссиянын биринчи отурумунда кабыл алынган Календардык пландын аткарылышы жөнүндө катышуучуларга маалымдама берди.

Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов катышуучулардын көңүлүн Бишкек шаарынын жана ага жакын жайгашкан Чүй облусунун райондорунун административдик-аймактык чек араларын тактоо иштерине байланышкан кээ бир иш чаралардын аткарылышын активдештирүү зарылдыгына, борбор калаада жана аймактарда аты жок көчөлөргө аталыштарды, номери жок турак жайларга номер берүү иштерине, ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жалпы республикалык эмгек классификаторун иштеп чыгуу иш чарасын аткарбагандыгына акцент жасады.

 Ал мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Календардык пландын иш чараларын өз убагында  аткарбагандыгы - маанилүү мамлекеттик иш чараны өткөрүүнү үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн экендигин белгилеп кетти.

Улутстаткомдун төрагасынын орун басары К.О. Исалиев Республикалык комиссиясынын талкуусуна Чүй облусунун Чүй районунда жана Токмок шаарында 2019-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өткөрүлүүчү сынамык каттоосунун Программасынын долбоорун койду.

Аны өткөрүүнүн максаты Кыргыз Республикасында 2020-жылы өтө турган эл жана турак жай фондун каттоосуна Улутстатком тарабынан иштелип чыккан уюштуруу-усулдук жана технологиялык камсыздоолорду апробациялоо болуп саналат.

Учурда Улуттук статистика комитети каттоону райондоштуруу жана  сынамык аймактарда 13 каттоо бөлүмүн, 55 инструктордук жана 277 каттоо участоторун түзүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатат.

______________________________________________________________

Статистикалык каттоолор жана демографиялык статистика башкармалыгы 

e-mail: azharkynbaeva@stat.kg:   тел. + 996 (312) 664211.


Last updating: 21.02.2019, 17:26