Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоонун логотибин иштеп чыгууга карата конкурстук тандап алуунун экинчи этабы болуп өттү

Publications: 04.02.2019


Улутстаткомдо Кыргыз Респукбликасында 2020-жылы өтө турган эл жана турак жай фондун каттоонун логотибинин берилген долбоорлору боюнча конкурстук тандап алуунун экинчи этабы 2019-жылдын 31-январында  болуп өттү.

Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан логотиптин жети варианты каралып, алардын ичинен  үч  варианты тандалып алынды.

Конкурстук тандап алуу аяктагандан кийин комиссия мүчөлөрүнүн эскертүүлөрүн эске алуу менен жана авторлор тарабынан долбоорлордун жакшырта иштелип чыгуусунан кийин  Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоонун логотибин тандап алуунун 3-туру өткөрүлөт.    


Last updating: 04.02.2019, 14:39