ТӨМ боюнча Улуттук конференцияда А. Султанов сөз сүйлөдү

Publications: 18.06.2019


Бүгүн, 2019-жылдын 18-июнунда, Бишкек шаарында  «Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүү: Улуттук жана жергиликтүү деңгээлде туруктуу турак жай курулушунун, шаардык өнүгүүнүн жана жер түзүлүштөрүнүн жаатында иш жүзүндөгү маалыматтардан негизделген саясатка ТӨМ көрсөткүчтөрүнүн кошкон салымы» темасында Улуттук конференция старт алды.  

Конференция Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жерди колдонуу боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Норвегиянын картографиялык башкармалыгы, Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык  комиссиясы, БУУ-Хабитат, БУУ Өнүктүрүү Программасы уюмдарынын кызматташуусу менен уюштурулду.  

 Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов өзүнүн саламдашуу сөзүндө, тарыхий саммитте кабыл алынган туруктуу өнүгүү жаатындагы Күн тартиби 2030 алкагында, дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн, анын ичинде Кыргызстандын жогорку саясий жетекчилери тарабынан 2015-жылы туруктуу өнүгүүгө карата курсу расмий түрдө жарыяланган, анда туруктуу өнүгүүнүн жолунда ишенимдүү, салыштырууга боло турган, өз убагында жана жеткиликтүү статистикалык маалыматтар чоң ролду ойной тургандыгын белгиледи. 

Ошондой эле, 2020-жылы Кыргыз Республикасы Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүнүн жүрүшү тууралуу өзүнүн биринчи  Улуттук Ыктыярдуу Обзорун көрсөтө тургандыгы да белгиленди.

Ошентип, Улутстаткомдун башкы максаттуу багыттары болуп, бийлик жана мамлекеттик башкаруу органдарынын керектөөлөрүн натыйжалуу жана сапаттуу маалымат менен камсыздоону, өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн жалпы улуттук жана мамлекеттик программаларынын мониторингин, экономикалык-статистикалык маалыматтар менен мамлекеттер аралык жана эл аралык алмашуулар боюнча милдеттенмелерди аткарууну, колдонуучулардын кеңири чөйрөсү үчүн статистика жаатында мамлекеттик маалыматтык кызмат көрсөтүүнүн ачык-айкын системасын түзүү болуп саналат. 

Өлкөнүн региондорун өнүктүрүү жана санариптештирүү Жылынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга карата регионалдык саясатынын Концепциясына ылайык, Улутстаткомдун артыкчылыктуу багыттарынын бири, алар өз кезегинде “Шаарлардын жана калк жайгашкан пункттардын ачыктыгын, коопсуздугун, жашоого туруктуулугун жана экологиялык туруктуулугун камсыздоо” боюнча ТӨМдүн 11-максатында чагылдырылган, калк жайгашкан пункттардын жана айыл жерлеринин статистсикасын өнүктүрүүнү камтыган регионалдык стаистиканы өнүктүрүү болуп санала тургандыгын да ал баса белгилеп кетти. 

 

 


Last updating: 18.06.2019, 13:24