КММ рыногунда баалардын учурдагы абалы. Республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча кыскача обзор

Publications: 12.09.2019


Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде Республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча АИ-92 бензини жана дизелдик күйүүчү майдын орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

Ошентип, орточо республикалык баалар 2019-жылдын августунда 2018-жылдын августуна салыштырмалуу АИ-92 бензининин баасы 3,92 сомго, же 8,9 пайызга төмөндөдү, ал эми ушул эле учурда дизелдик күйүүчү майга, тескерисинче, бир азга (11 тыйынга, же 0,2 пайызга) жогорулады.

Ушул эле учурда, аймактардын тигил же бул региондорунун рынокторунда  КММ (ГСМ) карата чекене баалардын  дифференциациясы белгиленди. 2019-жылдын августунда АИ-92 бензинге карата максималдуу орточо керектөөчү баалары Исфана шаарында (бир литри – 42,92 сом), Баткен шаарында (бир литри – 42,10 сом) жана Кара-Суу шаарында (бир литри -  41,49 сом ) катталды. Ушул эле учурда, минималдуу чекене баалар Покровка айылында (бир литри - 36,67 сом), Талас шаарында (бир литри – 36,94 сом) жана Токмок шаарында (бир литри – 38,29 сом) белгиленди.

Дизелдик күйүүчү майга карата айтсак, максималдуу чекене баалары Кара-Суу шаарында (бир литри - 46,22 сом), Баткен шаарында (бир литри -  46,17 сом) жана Исфана шаарында (бир литри – 46,00 сом) катталган. Муну менен катар, дизелдик күйүүчү майга карата минималдуу баалар Покровка айылында (бир литри -  42,70 сом), Талас шаарында (бир литри – 41,92 сом литр) жана Токмок шаарында (бир литри – 42,39 сом) белгиленди.

Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарда күйүүчү-майлоочу материалдарга карата
орточо керектөөчү баалар

(бир литри, сом)

 

Бензин АИ-92

Четтөө:
өсүүсү
(+), төмөндөөсү (-)

Дизелдик  күйүүчү май

Четтөө:
өсүүсү
(+), төмөндөөсү (-)

2018 Август

2019 Август

2018
Август

2019 Август

Кыргыз Республикасы

43,90

39,98

-3,92

44,73

44,84

0,11

 Каракол ш.

43,12

39,03

-4,10

44,30

43,91

-0,39

 Балыкчы ш.

43,20

38,54

-4,66

44,12

43,43

-0,69

 Кербен ш.

45,57

40,98

-4,59

45,57

44,88

-0,69

 Токтогул ш.

43,56

39,65

-3,91

43,89

43,24

-0,65

 Жалал-Абад ш.

45,11

40,24

-4,87

43,88

43,67

-0,22

 Чаек а., Жумгал району

44,57

39,90

-4,67

45,85

43,90

-1,95

 Нарын ш.

43,03

38,70

-4,34

44,35

43,06

-1,29

  Исфана ш.

46,50

42,92

-3,58

46,75

46,00

-0,75

 Баткен ш.

46,23

42,10

-4,13

46,35

46,17

-0,18

  Кара-Суу ш.

45,57

41,49

-4,08

45,63

46,22

0,59

 Ноокат ш.

45,25

40,97

-4,27

45,11

45,76

0,65

  Узген ш.

44,31

41,00

-3,31

43,91

45,37

1,46

  Покровка а., Манас району

43,69

36,67

-7,02

45,40

42,70

-2,70

 Талас ш.

42,29

36,94

-5,35

43,42

41,92

-1,50

  Кара-Балта

43,07

39,11

-3,95

43,78

42,87

-0,91

  Токмок ш.

43,06

38,29

-4,78

43,90

42,39

-1,51

  Бишкек ш.

43,41

39,87

-3,54

44,75

45,18

0,43

  Ош ш.

45,53

41,37

-4,17

45,62

45,94

0,32

 

10-сентябрга карата АИ-92 бензинине карата баалардын эң жогорку деңгээли Исфана шаарында (бир литри – 43,00 сом), дизелдик күйүүчү майдын - Баткен шаарында - (бир литри – 46,17 сом) байкалганын белгилей кетүү керек. Муну менен бирге, АИ-92 бензинине карата баалардын минималдуу деңгээли Покровка айылында (бир литри – 35,50 сом), ал эми  дизелдик күйүүчү майдын Талас шаарында (бир литри - 41,92 сом) белгиленди.

График: 2018-2019-жылдардын 10-сентябрына карата абалы боюнча Кыргыз Республикасынын калк жашоочу пункттарында АИ-92 бензинге жана дизель майынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары
(литр үчүн сом менен)

 

 

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                   |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 12.09.2019, 10:10