Эт рыногунда баалардын учурдагы абалы. Республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча 2019-жылдын 27 сентябрына кыскача обзор

Publications: 30.09.2019


Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде Республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча 2019-жылдын 27 сентябрына карата уйдун этинин жана койдун этинин орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

Ошентип, орточо республикалык баалар 2019-жылдын 27-сентябрынын 2018-жылдын сентябрына салыштырмалуу уйдун этинин баасы 16,76 сомго, же 5,2 пайызга, койдун этинин баасы 10,69 тыйынга, же 3,6 пайызга жогорулады.

Ошентип, 2019-жылдын 27-сентябрында уйдун этине карата максималдуу орточо керектөөчү баалары Жалал-Абад, Ош жана Кара-Суу шаарларында (бир кг – 350,00 сом), катталды. Ушул эле учурда, минималдуу чекене баалар Талас шаарында (бир кг – 290,92 сом), Покровка айылында (бир кг – 294,96 сом) байкалды.

Койдун этине карата айтсак, максималдуу чекене баалары Жалал-Абад, Ош жана Баткен шаарларында (бир кг – 350,00 сом) катталган. Муну менен катар, койдун этине карата минималдуу баалар Талас шаарында (бир кг -  295,00 сом), Каракол шаарында (бир кг – 284,96 сом литр) жана Покровка айылында (бир кг – 294,96 сом) белгиленди.

Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарда этке карата орточо керектөөчү баалар
(бир кг, сом)

 

Уйдун эти

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү
(-)

Койдун эти

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

2018
27-сентябры

2019
27-сентябры

2018
27-сентябры

2019
27-сентябры

Кыргыз Республикасы

323,66

340,42

16,76

300,18

310,87

10,69

 Каракол ш.

307,39

320,00

12,61

287,38

284,96

-2,43

 Балыкчы ш.

320,00

330,00

10,00

304,96

320,00

15,04

 Кербен ш.

300,00

317,49

17,49

300,00

317,49

17,49

 Токтогул ш.

294,96

300,00

5,04

300,00

300,00

0,00

 Жалал-Абад ш.

328,55

350,00

21,45

320,00

350,00

30,00

 Чаек а., Жумгал району

300,00

330,00

30,00

300,00

320,00

20,00

 Нарын ш.

320,00

320,00

0,00

311,84

311,84

0,00

  Исфана ш.

300,00

324,96

24,96

330,00

330,00

0,00

 Баткен ш.

330,00

343,20

13,20

350,00

350,00

0,00

  Кара-Суу ш.

320,00

350,00

30,00

320,00

340,00

20,00

 Ноокат ш.

300,00

330,00

30,00

300,00

340,00

40,00

  Өзгөн ш.

320,00

330,00

10,00

320,00

340,00

20,00

  Покровка а., Манас району

284,96

294,96

10,00

280,00

294,96

14,96

 Талас ш.

285,90

290,92

5,02

287,90

295,00

7,10

  Кара-Балта

310,00

309,89

-0,11

316,53

309,89

-6,64

  Токмок ш.

303,30

306,63

3,33

294,96

294,96

0,00

  Бишкек ш.

329,42

347,80

18,38

287,71

299,37

11,66

  Ош ш.

330,00

350,00

20,00

330,00

350,00

20,00

27-сентябрга карата уйдун этине жана койдун этине карата баалардын эң жогорку деңгээли Ош шаарында (бир кг – 350,00 сом) байкалганын белгилей кетүү керек. Муну менен бирге, уйдун этине карата Талас шаарында (бир кг – 290,92 сом) жана койдун этине карата Каракол шаарында (бир кг – 284,96 сом) баалардын минималдуу деңгээли белгиленди.

 2018/2019-жылдардын 27-сентябрына карата абалы боюнча калк жашоочу пункттарында уйдун этинин жана койдун этинин максималдуу жана минималдуу орточо баалары
(килограмм үчүн сом менен)

 

_____________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                   |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Last updating: 01.10.2019, 10:34