Дүйнө өлкөлөрү менен соода

Publications: 07.06.2019


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан колдонуучулардын суроо-талаптарына жоопторду даярдоодо Улутстаткомдун адистеринин ишин ыңгайлаштыруу жана азайтуу, ошондой эле статистиканын колдонуучуларына маалыматтарды издөөнү жеңилдетүү максатында, Улутстаткомдун расмий сайтындагы товарлардын тышкы соодасы боюнча маалыматтардын мазмунун жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Улутстатком товарлардын экспортунун жана импортунун географиялык бөлүнүшү боюнча жаңыланган статистикалык маалыматтарды жайгаштырды.

Кыргыз Республикасынын 1994-жылдан тартып 2018-жылга чейинки товарларынын экспортунун жана импортунун көлөмү жөнүндө дүйнө өлкөлөрү боюнча маалыматтар төмөндөгү даректе жайгаштырылган: Статистика бөлүмү

Тышкы экономикалык ишмердик Динамикалык таблицалар

- 4.03.00.18 Өлкөлөр боюнча товарлардын экспорту (миң доллар);

- 4.03.00.20 Өлкөлөр боюнча товарлардын импорту (миң доллар).

___________________________________________________________________________________

Тышкы соода статистика бөлүмү

Соода, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

жана туризм башкармалыгы |e-mail:gsulaimanova@stat.kg;     |тел. + 996 (312)  32 47 26

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Last updating: 07.06.2019, 13:58