2020-жылы камсыздандыруу компанияларынын пайдасынын олуттуу көбөйүүсү байкалды

Publications: 05.04.2021


2020-жылы финансы секторунда 15 камсыздандыруу компаниялары ишмердигин жүргүзүштү. Камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 2019-жылга салыштырмалуу 6,3%га өстү жана 1,7 млрд. сомду түздү. Муну менен бирге, кирешелердин негизги көлөмү (кирешелердин жалпы суммасынын 75%) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.

Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары бул мезгил ичинде 1,7%га өстү жана 1,5 млрд. сомду түздү. Жалпы чыгымдардын суммасынын жарымынан көбү кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу төгүмдөрүнө (сый акыларга) кеткен чыгымдарга  жана 26 %дан ашыгы ишти жүргүзүүгө кеткен чыгымдарга туура келди.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 275 млн. сомго жакын сальдолоштурулган пайда алынды, бул 2019-жылга караганда 41%га көп.

2020-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 157,5 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул 2019-жылга салыштырганда 28%га аз. Түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын ичинен 87%дан ашыгы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди.

Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санында милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу үлүштөрү теңме-тең бөлүштүрүлдү.

Камсыздандыруу түрлөрү боюнча түзүлгөн келишимдердин саны

алпы санына карата пайыз менен)

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы 2019-жылга салыштырмалуу 29%га кыскаруу менен 2020-жылдын аягына карата 668,5 млрд. сомду түздү. Жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасынын эң көп төмөндөшү белгиленди.

2020-жылы камсыздандыруу төгүмдөр 1,3 млрд. сомдо келип түшкөн, бул мурунку жылдын деңгээлинде.

2020-жылдын ичинде 7 миң бирдиктен ашык камсыздандыруу учурлар байкалды, алардын ичинен 78% ыктыярдуу жеке камсыздандырууга туура келди. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасында 42% - ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга жана 28%га жакыны - жеке медициналык камсыздандырууга туура келди.

 

 

________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  664209, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 06.04.2021, 16:41