2022-жылы жашоо минимумунун өсүшү байкалган

Publications: 13.01.2023


2022-жылы жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 7 178,32 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 15 пайызга өстү. 

   Аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

2022-жылы жашоо минимумунун эң жогорку өлчөмү Жалал-Абад облусунда, Бишкек шаарында жана Баткен облусунда белгиленди. Ошол эле учурда, 2021-жылга салыштырмалуу жашоо минимумунун эң чоң өсүшү Ысык-Көл облусунда (16,3 пайызга) жана Бишкек шаарында (15,7 пайызга) белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк себетинин  энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

 

 

 

Жылына орточо эсеп менен

Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен

2021

2022

Бардыгы

6 268,31

7 178,32

114,5

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк

7 040,33

8 025,18

114,0

 анын ичинен:

 

 

 

   эркектер

7 219,11

8 212,00

113,8

   аялдар

6 990,75

7 967,93

114,0

Пенсионерлер

5 580,35

6 395,22

114,6

Балдар

5 282,48

6 099,75

115,5

 анын ичинен, жашы:

 

 

 

   0дөн 7ге чейинки

4 673,39

5 431,63

116,2

 7ден 14кө чейинки

5 489,42

6 315,48

115,0

 14-17

6 012,49

6 914,87

115,0

 

Туруктуу өнүгүү жана айлана-
чөйрө статистикасы башкармалыгынын
үй чарба статистикасы  бөлүмү                                                            |   e-mail:  nkerimalieva@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324691

 

Туруктуу өнүгүү жана айлана- чөйрө статистикасы башкармалыгынын үй чарба статистикасы  бөлүмү 

 

 


Last updating: 13.01.2023, 16:03