Бишкекте гендердик статистика боюнча семинар болуп өттү

Publications: 31.05.2018


Европа экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен биргеликте Улуу Британиянын, Швейцариянын, Италиянын, Молдованын, Украинанын, Тажикстандын жана Кыргызстандын өкүлдөрүнүн катышуусу менен 2018-жылдын 29-31-майында Бишкек шаарында Кыргызстанда гендердик статистиканы жайылтуу, коммуникациялоо жана пайдалануу маселелери боюнча семинар өткөрдү.

Семинардын максаты гендердик статистика маселелеринде Улутстаткомдун  кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга жана статистикалык маалыматты пайдалануучулардын чөйрөсүн кеңейтүүгө (гендердик көрсөткүчтөрдү аныктоо жана колдонуу, ошондой эле чечмелөө), ошондой эле туруктуу өнүктүрүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашырууда мониторинг прогрессин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Семинардын алкагында: маалыматтарды пайдалануучуларды окутуу үчүн БУУ  ЕЭКнын инструменттери; ТӨМ үчүн гендердик статистика; жайылтуу жана коммуникация; мамлекеттик мекемелердеги жана бейөкмөт уюмдарындагы пайдалануучулар үчүн саламаттыкты сактоодогу гендердик статистика; мамлекеттик мекемелердеги жана бейөкмөт уюмдарындагы пайдалануучулар үчүн эмгек жана экономикалык иштердеги гендердик статистика; гендердик статистиканы тандоо, интерпретациялоо жана пайдалануу жана башкалар сыяктуу суроолор каралды.

 


Last updating: 05.06.2018, 09:53