Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгында «Статистика бардыгы үчүн» деген темада Ачык эшик күнү болуп өттү

Publications: 07.12.2018


Иш-чарада шаарстатбашкармалыгынын жетекчиси Мамбеталиева Э.А. саламдашуу менен чыгып сүйлөп, мамлекеттик статистиканын маанилүү маселелеринин бири,  статистикалык маалыматтарга  бардык категориядагы пайдалануучулардын тең жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана аларга ишенимдин  деңгээлин жогорулатуу экенин белгиледи. Азыркы убакта БШМСБ ишкана-уюмдардын жана жеке ишкерлерден алынган статистикалык алгачкы маалыматтардын  деңгээлин өркүндөтүү жана аларды кийинки иштетүүлөр үчүн сапатын жогорулатуу  боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Иш-чара шаардын 4 районунун муниципалдык администрацияларынын өкүлдөрүнүн, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин, шаардык кызматтардын жана отчет  берүүчү чарбалык мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

Катышуучуларды БШМСБнын жооптуу кызматкерлери «Официалдуу статистика жөнүндө» законунун жаңы редакциясы, Кыргыз Республикасынын тартип бузуулар жөнүндө Кодекси менен тааныштырышты, ошондой эле алдыда турган 2020-жылдагы эл жана турак-жай каттоого даярдыктын жүрүшү,  алдыдагы мал жана канаттуулардын санагы тууралуу маалыматтарды беришти.

          Жалпысынан иш-чара жылуу жана достук маанайда  өттү, катышуучулар өз ара пикир алмашышты жана таанып-билүү диалогтору түзүлдү.

Презентациялар:

  1. Тартип бузуулар жөнүндө КР Кодекси
  2. «Расмий статистика жөнүндө» КР Мыйзамы
  3. Эл каттоо: Кыргызстанда ар би радам маанилүү


Last updating: 07.12.2018, 16:09