Улутстаткомдо Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Publications: 23.09.2022


Үстүбүздөгү жылдын 23-августунан 23-сентябрына чейин “Мамлекеттик тилдин бир айлыгын жарыялоо” саамалыгынын алкагында Улуттук статистика комитетинде Мамлекеттик тилди өркүндөтүү максатында атайын иш-план бекитилип, анын негизинде бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.

Улуттук статистика комитетинде бардык жыйындар, жумушчу кеңешмелер, отурумдар мамлекеттик тилде (кыргыз тилинде) өткөрүлүүдө. Иш-кагаздарды жүргүзүүдө мамлекеттик тилге басым жасалууда.

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата Улутстаткомдо  “Кыргыз тилим – көөнөрбөс, өчпөс дилим!” урааны менен кыргыз тилинде дилбаян жазуу боюнча сынак өткөрүлдү. Анда, Улутстаткомдун кызматкерлеринин арасынан дилбаянды сабаттуу жазган алдыңкы кызматкерлер аныкталды. Өткөрүлгөн сынактын максаты – кызматкерлердин Мамлекеттик тилде туура жазуусун камсыздоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитети өлкөбүздө Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында  салымын кошуп келүүдө. Алсак, өткөн жылдын 30-декабрында “Статистика атоолорунун орусча-кыргызча сөздүгү” (терминдер жана сөз тизмектери) аталышындагы статистикалык сөздүк даярдалып, басылып чыкты. Бул статистикалык сөздүктүн даярдалышына Улутстаткомдун Мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Римма Хусаинованын эмгеги чоң.

            

           

            

            

           

 


Last updating: 23.09.2022, 17:42