Улутстаткомдо «Кыргыз Республикасында эмгек өндүрүмдүүлүгүн эсептеп чыгуу үчүн эмгек чыгымдарын өлчөө методологиясын иштеп чыгуу жана татыктуу эмгек боюнча ТӨМдүн кошумча көрсөткүчтөрүн талкуулоо» темасы боюнча Тегерек стол өттү

Publications: 14.12.2018


Бүгүн, 2018-жылдын 14-декабрында, «Кыргыз Республикасында эмгек өндүрүмдүүлүгүн эсептеп чыгуу үчүн эмгек чыгымдарын өлчөө  методологиясын иштеп чыгуу жана татыктуу эмгек боюнча ТӨМдүн (ЦУР) кошумча көрсөткүчтөрүн талкуулоо» темасы боюнча Тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чара  Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланган, «Кризисти жеңип чыгуу жана татыктуу жана коопсуз эмгекти камсыз кылуу» боюнча ЭЭУнун долбоорунун 2-фазасынын алкагында уюштурулду. 

Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин,  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тармактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышышты. 

Иш-чаранын катышуучуларына «Кризисти жеңип чыгуу жана татыктуу жана коопсуз эмгекти камсыз кылуу» боюнча ЭЭУнун долбоору жөнүндө маалымат берилди, ЭЭУнун (МОТ) эксперттери тарабынан Кыргыз Республикасында иштелген бир саат үчүн эмгек өндүрүмдүүлүгүн эсептеп чыгуу үчүн эмгек чыгымдарын өлчөөнүн  методологиялык ыкмалары жана маалымат булактары жөнүндө жана  татыктуу эмгек боюнча ТӨМдүн (ЦУР) көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жөнүндө презентациялары көрсөтүлдү.

 


Last updating: 17.12.2018, 11:06