Улутстаткомдо БУУ Фондунун калк жааты тармагында (ЮНФПА) Өлкөлөр боюнча директору менен жолугушуу болуп өттү

Publications: 25.05.2018


Кэчээ, 24-майда Кыргыз Республикалык Улуттук статистика комитетинде Улутстаткомдун Төрагасы Акылбек Султановдун  БУУ Фондунун калк жааты тармагында  (ЮНФПА) Өлкөлөр боюнча директору Джулией Валеза менен жолугушуусу болуп өттү.

Иш сапардын максаты – Улуттук статкомдун жетекчилиги менен таанышуу, ошондой эле биргелешип кызматташуу маселелерин талкулоо.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөндөгү маселелер талкууланды:

•             “Демографиялык маалыматтарды чогултуу, талдоо, жана таркатуу тармагында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика системасын бекемдөө” долбоорун ишке ашыруу.

•             Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү боюнча учурдагы абалды баалоо боюнча  ЮНФПАнын эл аралык эксперти мырза Йен Уайттын миссиясынын жыйынтыктары (2018-жылдын 17-20 апрели).

•             Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча маалымат, ТӨМ көрсөткүчтөрү менен (майыптуулук боюнча маселелер), каттоо маалымдамалары, каттоону  өткөрүү жана  эл каттоонун маалыматтарын иштетүү технологиялары.

Жолугушуу убагында Улуттукстаткомдун Төрагасы Акылбек Султанов БУУ Фонду менен Кыргыз Республикасындагы калк жааты тармагындагы  көп жылдык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, алдыдагы иштерде ийгилик каалады.

 

 

 

 


Last updating: 25.05.2018, 14:19