Улутстаткомдо Акылбек Султанов менен Озонниа Ожиело жолугушту

Publications: 21.06.2019


Бүгүн, 2019-жылдын 21-июнунда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Улутстаткомдун жетекчилиги менен Кыргыз Республикасында БУУ системасынын Туруктуу Координатору Озонниа Ожиело мырза баштаган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Программалар боюнча БУУ өкүлчүлүгүнүн Туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси - Эркинбек Касыбеков, БУУ аялдар өкүлүнүн милдетин убактылуу аткаруучу – Жылдыз Куватова, ЮНИСЕФтин мониторинг жана баалоо боюнча адиси – Толгонай Бердикеева жана ЮНФПАнын ВИЧ боюнча Программалык координатору Чолпон Егешовалар катышышты.

Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов, өзүнүн саламдашуусунда, Озонниа Ожиело мырзага жана БУУ системасына, статистиканы өркүндөтүүгө, анын ичинде 2020-жылы Эл жана турак жай каттоосуна, Көпчүлүк көрсөткүчтөр боюнча Кластердик изилдөөгө жана башка иш чараларга колдоосу жана демилгелүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, Акылбек Султанов 2030 Күн тартибин ишке ашыруунун чегинде турктуу өнүгүү тармагында 2015-жылы Кыргызстан туруктуу өнүгүү багытын расмий жарыялагандыгын белгиледи. Ошону менен, алынган милдеттемелердин чегинде, Улутстатком Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүүнүн көрсөткүчтөрүнүн мониторинг жана отчеттуулук системасын киргизүүгө жооптуу негизги орган катары иш жүргүзөөрүн айтты.

Өз кезегинде, Озонниа Ожиело мырза Туруктуу өнүгүүнүн максаттары боюнча прогресске мониторинг үчүн сапаттуу, ишенимдүү жана өз убагындагы статистикалык маалыматтардын маанилүүлүгун жана ролун белгиледи, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын башчысы Улутстаткомдун кызматкерлерине Кыргыз Республикасындагы аялдардын жана балдардын абалын үйрөнүү үчүн көпчүлүк көрсөткүчтөр боюнча Кластердик изилдөөнү өткөрүүдөгү мазмундуу жана биргелешкен эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди жана куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө башчылар Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын мониторинги үчүн консультативдик колдоо көрсөтүү жана статистикалык потенциалды жогорулатуу үчүн мындан ары кызматташуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле статистиканы өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгилешти.

 

 

 


Last updating: 26.06.2019, 10:03