Улутстаткомдо IT-кенештин кезектеги жыйыны болуп өттү

Publications: 05.03.2020


Кечээ, 4 - мартта, Улутстаткомдун IT-кенешинин алтынчы жыйынында Улутстаткомдун борбордук аппаратынын жана БЭБдин жооптуу кызматкерлери тарабынан «Статистика» электрондук отчеттуулуктун статистикалык маалыматтырын, ошондой эле «Тышкы жана өз ара соода» статистикалык системасын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматтар көрсөтүлдү.

«Статистика» статистикалык маалыматтарды башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы (СМБ АМС) web-технологияларын колдонуу менен маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу процесстерин заманбап системага өткөрүүнү жана статистикалык отчеттуулукту чогултуунун электрондук методун иштеп чыгууну, анын иштеп чыгуусун автоматташтырууну, статистикалык формаларды, статистикалык отчеттуулукту жана метамаалыматтарды, классификаторлорду жана  маалымдамаларды башкаруу системасын  башкаруу үчүн конструктор киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Статистикалык отчеттуулуктун электрондук формасынын автоматташтырылган тестирлөөсүнүн жыйынтыктары кагаз форматы менен салыштырганда аныкталган каталарды тез тактоо мүмкүнчүлүгү, маалыматтардын сапатын жана иштеп чыгуу мөөнөтүн кыскартуу жана чыгымдарды үнөмдөө болгон бир катар артыкчылыктарды көрсөткөнү белгиленди. Мындан тышкары, бул респонденттерге тест режиминде жеке кабинети аркылуу статистикалык формаларды толтурууну жүргүзгөнгө мүмкүндүк берет.

Ушул жылдын март айында массалык тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча эмгек, инвестиция жана финансы статистикасы боюнча респонденттер үчүн «Статистика» системасын өнөр жай эксплуатациясына киргизүү пландалууда.

Ошондой эле, «Санариптүү Кыргызстан 2019-2023» санариптүү трансформациясынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картасына» ылайык, санариптештирүүнү киргизүү боюнча Улутстатком тарабынан иш-чараларды аткарууга байланышкан маселелерди талкуулашты.Бул Концепциянын 119 иш-чарасынын ичинен 11 иш-чараны Улутстатком аткарууга жооптуу, ушуга байланыштуу аларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иштер жүргүзүлүүдө.

Ушул отурумдун жыйынтыгы боюнча Улутстаткомдун IT-кенеши тарабынан «Санариптүү Кыргызстан 2019-2023» санариптүү трансформациясынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картасы» иш-чараларынын алкагында, статистикалык системага санариптүү технологияларды мындан ары дагы киргизүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.


Last updating: 05.03.2020, 15:29