Улутстаткомдо КККИ - 2018 Жетектөөчү комитетинин биринчи отуруму болуп өттү

Publications: 28.03.2018


Бүгүн, 28-мартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөнүн (КККИ 2018) Жетектөөчү комитетинин  биринчи отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө бир катар министерство жана административдик ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле, Кыргыз Республикасында аккредителген эл аралык өкүлдүктөр катышты.

Өз сөзүндө Улутстаткомдун Төрагасы Акылбек Султанов, Кыргызстандагы аялдар жана балдар жөнүндө тоолук маалымат  алууга мүмкүнчүлүк берген Кластердик изилдөөнү өткөрүүнүн маанилүү ролун белгиледи.

Отурумда техникалык комитеттин иш-аракеттери жөнүндө маалымат көрсөтүлдү, өткөрүлө турган изилдөөнүн планы талкууланды, ишке ашыруунун этаптык мөөнөтү, ошондой эле, изилдөө өткөрүүдөгү  тобокелдиктерди башкаруу жана этикалык мүнөздөгү айрым суроолор каралды.

КККИ-2018 Жетектөөчү комитеттин 1-отурумунун материалдарын көрүү үчүн шилтеме боюнча өтүңүз  http://www.stat.kg/ru/projects-researches/proekty-i-issledovaniya/


Last updating: 29.03.2018, 10:25