Улутстаткомдо “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын көчмө жыйыны болуп өттү

Publications: 01.06.2018


Бүгүн, 2018-жылы 1-июнда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Фракция лидери Бакыт Төробаевдин төрагалыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын көчмө жыйыны болуп өттү.

Фракциянын отурумунун ишин баштоо сөзүндө, Бакыт Төрөбаев, көчмө жыйындын максаты, “Улутстаткомдун иши менен жеринде таанышып, эмгек жамаат менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелер жөнүндө достук маанайда маек куруу”  деп, белгиледи.

Парламенттик фракциянын депутаттары Улутстаткомдун Төрагасы Акылбек Султановдун Улуттук статистика комитетинин ишмердиги жөнүндөгү баяндамасын угушту. Ошондой эле депутаттар: “2020-жылы Кыргыз Республикасында эл жана турак-жай фондун каттоо”,  “Ички дүң продукттун структурасы”, “Калктын ишеним индекси”, жана “Баалар статистикасы: топтоо жана таратуу”  жөнүндөгү презентацияларды угушту.

Депутаттардын жана статистиктердин ортосунда конструктивдүү диалог жүрүп, жактар Улутстаткомдун ишмердигине тиешелүү маселелерди, көйгөйлөрдү жана алдыдагы максаттарды  талкуулашты.

Улутстаткомдун Төрагасы Акылбек Султанов “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясы менен статистиктердин жаратман кызматташтыкта иштешүүсү боюнча ишеничин билдирип, “Расмий статистика жөнүндө” Мыйзам долбоорун жылдырууда фракциянын колдоо көрсөтүүсүн сурады.

Өзүнүн корутунду сөзүндө, Фракция Лидери Бакыт Төрөбаев статистиктердин айлык акы, эмгек шарты жана бюджеттик каражаттардын жетишсиздигине карабастан, иштеп жаткан жаратман эмгегин белгилеп, “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясы,  Улутстаткомдун Төргасы Акылбек Султановдун баяндамасын маалымат иретинде кабыл алып, ушул жерде айтылган бардык маселелер боюнча Улутстаткомду парламентте ар тараптуу колдоорун билдирди.


Last updating: 01.06.2018, 15:48