Улуттук статкомдо “Статистика бардыгы үчүн, статистика ар бири үчүн” темасында ачык эшиктер күнү болуп өттү

Publications: 31.10.2019


30-октябрда Улуттук статкомдо ачык эшиктер күнү болду. Бул күнү Улуттук статкомдун кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларына 2020-жылы өтө турган эл жана турак-жайды каттоого даярдыктардын жүрүшү, Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндөгү” мыйзамы тууралуу бир катар презентацияларды, республикадагы азыркы учурдагы санариптик өнүгүүнүн абалы жана улуттук статистиканын ролу тууралуу айтып, көрсөтүп беришти. Иш-чаранын катышуучулары статистикалык маалыматтарды таратуунун заманбап жолдорун да көрө алышты. Ошондой эле мониторинг системасын түзүү жана индикаторлордун отчеттуулугу жөнүндө, Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттарынын (ТӨМ) платформасы да көрсөтүлдү.

2020-жылы өтө турган эл жана турак-жай фондун каттоого байланыштуу катышуучуларга анын өтө турган мөөнөттөрү (2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин), маалыматты жыйнап жана иштеп чыгууда каттоонун суроолор жыйнагын мобилдик тиркемени пайдалануу менен ишке ашыруу, бул каттоочунун бир эле учурда кодировщик жана оператор болуп да иштей аларына жол берери айтылды. Мобилдик тиркемени тестирлөө учурунда кагаздагы суроолор жыйнагына караганда аны бир катар артыкчылыктары бар экендиги белгиленди. Артыкчылыктары: чыгымдардын азайышы, маалыматты иштеп чыгуу убактысынын кыскарышы жана алардын сапаттуу болушу, пайда болгон каталарды ыкчам оңдоо мүмкүндүгү жана каттоонун жүрүшүн реалдуу убакыт ичинде байкап туруу.

Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндөгү” жаңы мыйзамынын презентациясы жасалып, анын негизине БУУнун өзөктүү принциптери киргизилгендиги, мыйзам 2020-жылдын июль айында күчүнө кирери айтылды. Ошол эле учурда бул мыйзам БУУнун типтүү документинин көчүрмөсү эмес, өлкөнүн улуттук өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташкандыгы да белгиленди.

Өлкөнүн “Санарип Кыргызстан 2019-2023” концепциясынын алкагында өнүгүүсүнүн трансформациясы, улуттук статистика системасынын анын “Жол картасын” аткаруудагы ролу, мамлекеттик органдар, жарандык коом жана бизнес-коомчулук менен электрондук иштешүүгө өтүү маселелери боюнча да кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары катышуучуларга республиканын аймактарынын социалдык-экономикалык абалы, “Санарип аймак”  программасын ишке киргизүү жана даярдоого байланыштуу аймактардын өнүгүшүнө мониторинг жасоо жана баалоо жүргүзүү системасын куруу, ошондой эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына отчеттуулук үчүн чарба китебин иштеп чыгуу тууралуу да айтылды.

Ачык эшиктер күнүндө көрсөтүлгөн маселелердин бири – республика 2030-жылгы чейин кабыл алган Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттарынын (ТӨМ) мониторинг системасын жана индикаторлорунун отчеттуулугун түзүү болуп эсептелет. Аны презентациялоонун жүрүшүндө 62 глобалдык индикаторлордон турган улуттук электрондук платформа жана мобилдик тиркеме көрсөтүлдү. ТӨМдүн индикаторлорунун отчеттуулугун жана улуттук мониторинг системасын түзүүдөгү Улуттук статкомдун координация жасай турган ролу ачык айтылды.

Иш-чаранын акырында катышуучуларга Улуттук статкомдогу статистикалык маалыматтарды таратууунун, жайылтуунун заманбап жолдору, маркетинг кызматы, ошондой эле ушул жылдын октябрь айында өткөрүлгөн интерактивдүү суроо-жооптун жыйынтыгы (колдонуучулар менен кайра байланышуу) боюнча баяндама жасалды. Эң кызыгы, мамлекеттик статистика органдары бир жылдын ичинде 3,7 млрд. алгачкы статистикалык маалыматтарды иштеп чыгаары аныкталган. Бул көппү же азбы? Бул көлөм А4 форматындагы кагаздын 80 млн. барагына барабар. Улуттук статком алгачкы маалыматтарды жыйноонун жыйынтыгы боюнча 24 миң статистикалык жумуштарды аткарат, 350 расмий статистикалык жыйнактарды жана публикацияларды, ошондой эле 900 экспресс-кабарларды чыгарат. Алардын ичинен 487 статистикалык иштер ЕАЭБ кызматташтыгынын алкагында, 600 жүздөй жумуш КМШ Статкомитетинин алкагында аткарылат.

Презентациялар:

 

 


Last updating: 31.10.2019, 15:45