2017-жылдын ноябрында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы белгиленди

Publications: 12.12.2017


Инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси ү.ж. ноябрында мурунку айга салыштырмалуу 100,9 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында мурунку айга салыштырмалуу тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары жалпысынан 0,6 пайызга жогорулады. Муну менен бирге баалардын эң жогорку даражада жогорулашы балга 3,8 пайызга, картошкага – 3,6 пайызга, сүт азыктарына, сыр жана жумурткага – 1,7 пайызга (анын ичинен тооктун жумурткасына – 3,5 пайызга, куюп сатылуучу сүткө – 2,6 пайызга), тооктун сан этине – 1,5 пайызга, унга – 1,3 пайызга, бышырылган колбасага – 1,1 пайызга, минералдык сууга – бир пайызга жана койдун тоң майына – бир пайызга катталды. 

Муну менен катар ү.ж. ноябрында мурунку айга салыштырмалуу акшактын (2,7 пайызга), каймак балмуздактын (2,6 пайызга), балыктын (2,0 пайызга), кумшекердин (0,8 пайызга) жана жаңы союлган эттин (0,5 пайызга) бааларынын төмөндөшү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында мурунку айга салыштырмалуу керектөө бааларынын өсүүсү жаңы бышкан жашылчалардай эле жаңы бышкан жемиштерге да 1,7 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баалары мурунку айга салыштырмалуу жалпысынан бир пайызга жогорулады.

Ушул жылдын ноябрында мурунку айга салыштырмалуу азык-түлүк эмес товарлардын баалары жалпы республика боюнча 2,0 пайызга өстү. Муну менен бирге баалардын жогорулашы азык-түлүк эмес товарлардын дээрлик бардык түрүнө байкалды, алардын ичинен олуттуусу – көмүргө (12,2 пайызга), жыгач отунга (9,4 пайызга), дизель майына (3,7 пайызга), газга (2,9 пайызга), бензинге (2,7 пайызга), линолеумга (2,7 пайызга) жана цементке (2,2 пайызга).

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында мурунку айга салыштырмалуу чакан электр турмуш-тиричилик приборлорунун – 0,9 пайызга, жаңы жеңил автомобилдердин – 0,2 пайызга, ири турмуш-тиричилик приборлорунун – 0,2 пайызга, үй эмеректеринин жана үйдүн ичиндеги нерселердин – 0,1 пайызга бааларынын төмөндөшү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында мурунку айга салыштырмалуу калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 0,3 пайызга төмөндөдү, бул негизинен алардын транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө (1,6 пайызга), амбулатордук кызмат көрсөтүүлөргө (0,8 пайызга), бут кийим оңдоо боюнча (0,2 пайызга) жана ашканалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө (0,2 пайызга) төмөндөшү менен шартталды.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында мурунку айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жогорулашы республиканын бардык аймактарында белгиленди, муну менен бирге алардын эң көп өсүүсү (2,1 пайыз) Ош шаарында катталды. Ошентип, эгер тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар Баткен, Жалал-Абад жана Нарын (2,0 пайызга) облустарында бир кыйла кымбаттаса, ал эми Бишкек шаарында алардын (0,3 пайызга) төмөндөшү катталды. Үстүбүздөгү жылдын ноябрында азык-түлүк эмес товарлардын баалары Баткен облусунда (0,4 пайызга), кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери Ысык-Көл облусунда (0,8 пайызга), Бишкек шаарында (0,6 пайызга) жана Баткен облусунда (0,2 пайы зга) төмөндөдү.

Баалардын статистикасы бөлүмү                  |e-mail: ceny@stat.kg;               |тел. + 996 (312) 625825, 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Last updating: 13.12.2017, 10:44