Кант рыногунда баалардын учурдагы абалы. Республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча кыскача обзор

Publications: 20.11.2019


2019-жылдын 19-ноябры боюнча республиканын 18 калк жашоочу пункттарынын чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде, канттын орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

Улутстатком бул жылдын 19-ноябры боюнча өткөн жылдын бирдей эле мезгилине жана  бул жылдын октябрына салыштыртыруу маалыматтарынын негизинде кант баасынын учурдагы абалы боюнча талдоо жүргүздү.

Мисалы, 2019-жылдын 19-ноябрына карата өткөн жылдын бирдей эле мезгилине салыштырмалуу орточо республикалык баалар 5,55 сомго, же 11,5 пайызга кыскарган. Өткөн жылдын 19-ноябрына карата жогорку баалар Ош (53.70 сом кг), Кербен (53.47 сом кг) жана Кара-Суу (51.61 сом кг) шаарларында белгиленген.

Мисалы, 2019-жылдын 19-ноябры боюнча кантка карата эн жогорку чекене баалар  Ноокат (кг 50 сом), Кара-Суу (48.89 сом кг) жана Өзгөн (48.70 сом кг) шаарларында белгиленди. Ошол эле учурда, минималдуу баалар Балыкчы (36,07 сом кг), Каракол (36.41 сом кг) жана Кара-Балта (37.91 сом кг) шаарларында байкалды.

Кант баасын азайтуу тенденциялары ушул жылдын күзүндө улантылды. Октябрь айына салыштырганда, максималдуу кыскаруу Балыкчы - 3,1 пайызга, Кара-Балта - 2,8 пайызга жана Нарын шаарларында - 2,3 пайызга белгиленди.

Кыргыз Республикасынын кээ бир жерлериндеги кантка болгон орточо керектөө баалары
(1 кг, сом)
 

2018

19

ноябрына

2019

19

ноябрына

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү ()

 

2018

октябрь

2019

19

ноябры

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

  Кыргыз Республикасы

48,35

42,80

-5,55

43,32

42,80

-0,52

   Каракол ш.

46,49

36,31

-10,18

38,21

36,31

-1,90

   Балыкчы ш.

45,00

36,07

-8,93

39,17

36,07

-3,10

   Кербен ш.

53,47

48,45

-5,02

49,37

48,45

-0,92

   Токтогул ш.

47,20

40,00

-7,20

40,00

40,00

0,00

   Жалал-Абад ш.

49,66

45,80

-3,86

45,17

45,80

0,63

   Чаек а., Жумгал району

45,90

39,07

-6,83

40,26

39,07

-1,19

   Нарын ш.

47,66

40,89

-6,77

43,23

40,89

-2,35

   Исфана ш.

50,00

47,43

-2,57

47,43

47,43

0,00

   Баткен ш.

50,00

47,92

-2,08

49,26

47,92

-1,34

   Кара-Суу ш.

51,61

48,89

-2,72

49,08

48,89

-0,19

   Ноокат ш.

50,00

50,00

0,00

50,00

50,00

0,00

   Узген ш.

50,09

48,70

-1,39

48,11

48,70

0,59

   Покровка а., Манас    району

50,00

48,27

-1,73

48,27

48,27

0,00

   Талас ш.

49,34

39,50

-9,84

40,92

39,50

-1,42

   Кара-Балта ш.

48,19

37,91

-10,28

40,75

37,91

-2,84

   Токмок ш.

45,38

40,48

-4,90

42,26

40,48

-1,79

   Бишкек ш.

47,29

42,07

-5,21

42,37

42,07

-0,29

   Ош ш.

53,70

47,87

-5,84

47,87

47,87

0,00

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                   |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика ж¼н³нд¼” Мыйзамдын 17-беренеси).

 

 


Last updating: 20.11.2019, 16:04