2018-жылдын январынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы 2,3 пайызга өстү

Publications: 13.02.2018


Бүгүн, 13-февралда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын январындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

 Улуттук статистика комитетинин басмасөз катчысы Борис Арабаев маалымдагандай ички дүң продукт ушул жылдын январь айына, алдын ала баалоолор боюнча, 27 миллиард сомдон ашты жана мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,3 пайызга өстү.

Анын ичинде, ички дүң продуктунун курамында эң чоң үлүштү түзгөн кызмат көрсөтүү тармагы – 47 пайызды, өнөр-жайы – 27 пайызды, айыл-чарбасы – 8 пайызды  жана курулуш тармагы – 3 пайызды түздү.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 24 миллиард сомго жакынды түзүп, 3,4 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2018-жылдын январында 18 миллиард сомдон ашып, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7 пайызга жогорулады.

Өнөр-жай продукциясынын көлөмдөрүнүн өсүшү, текстил өндүрүшүндө, кийим жана бут кийим, тери жана териден жасалган буюмдардын, ошондой эле фармацевтикалык продукциялардын өндүрүшүндө (2,4 эсеге), резиналык жана пластмассалык бюумдарды өндүрүүдө, металдык эмес минералдык продуктуларды өндүрүүдө (1,5 эсеге), электрдик жабдыктарды (18 пайызга),  жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфтык ишмердикте (17,2 пайызга), ошондой эле азык-түлүктүк продуктуларды өндүрүүдө (суусундуктарды кошо) жана тамеки заттарын (14 пайызга) көбүрөөк өндүрүүнүн эсебинен камсыздалды.

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо тармагында өндүрүштүн көлөмдөрүнүн өсүүсү,  негизинен электроэнергияны иштеп чыгуунун (14,4 пайызга) жана электроэнергияны берүүнүн (24,9 пайызга) жогорулоосунун эсебинен камсыздалды.

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын башчысы Гульзейнеп Мурсабекова мал жана үй канаттууларын эсептөөнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. Республиканын чарбаларынын бардык категорияларында 2018-жылдын башталышына, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, мал жана үй канаттууларынын санынын өсүүсү белгиленген. Малдын жана үй канаттуулардын чоң үлүшү, 90 пайыздан көбүрөөгү, дыйкан (фермердик) чарбаларга жана жарандардын үй чарбаларына туура келген. Жалпысынан, мал жана үй канаттууларга жүргүзүлгөн эсептөөлөр, респуликадагы айыл-чарба жаныбарларынын негизги түрлөрүнүн өсүү тенденциясынын сакталуусун күбөлөйт.

Өз кезегинде, Иш менен камсыз кылуу жана эмгек статистикасы бөлүмүнүн башчысы Гульнара Джайлобаева 2017-жылдын январ-декабрында айлык акы жөнүндө маалымат берди. 2017-жылы бир кызматкерге орточо айлык номиналдуу айлык акы (кичи ишканаларды эске албаганда) 15 391 сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга өскөн, ал эми анын реалдуу өлчөмү, керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептегенде, 3,4 пайызга өскөн. Орточо республикалык деңгээлден, финансылык ишмердик, маалымат жана байланыш, ошондой эле электр энергиясы, газ, буу менен камсыздоо тармактарында айлык акылар маанилүү жогору болду. Ушуну менен бир катарда, орточо республикалык деңгээлден, искусство, саламаттыкты сактоо жана билим берүү, кыймылсыз мүлккө операциялар, мейманканалар жана ресторандар тармактарында айлык акылар төмөн болду.

Пресс-конференцияда чыгып сүйлөөлөрдү, Социалдык статистика бөлүмүнүн башкы адиси  Гульхумар Абдуллаева Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы негизги тенденциялар жөнүндө айтып берүү менен аяктады. Анын айтуусунда, жалпы билим берүү мектептеринин саны жана аларда окуган окуучулардын саны жогорулаган. Ал эми жогорку адистик жалпы билим берүү уюмдарында, тескерисинче, алардын санынын кыскаруусу менен бирге, студенттердин саны да кыскарган.

Презентациялар:


Last updating: 13.02.2018, 12:18