Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде ИДПнын өсүү темпи 5,4 пайызды түздү

Publications: 14.05.2022


Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча, 203 миллиардга жакын  сомду түздү жана 2021-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 5,4 пайызга жогорулады.

«Кумтор» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында ИДПнын көлөмү 189 миллиардга жакын сомду түздү жана 3,5 пайызга жогорулады.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-апрель  айларында 116 миллиардга жакын сомду түздү жана өткөн жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 10,3 пайызга жогорулады, буга себеп фармацевтикалык продукциялардын (12,3 пайызга), мунай заттардын (24,3 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (25,8 пайызга), негизги металлдар жана даяр металл буюмдарынын, унааларды жана жабдууларды кошпогондо (32,0 пайызга), тамак-аш продуктулары (суусундуктар менен) жана тамеки заттарынын (10,1 пайызга),  , ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (2,9 пайызга)  өсүшү таасирин тийгизди. 

Өнөр жай продукциясынын  көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш, айыл чарба жана дүң соода тармактарында оң тенденциялар байкалды, алардын көлөмү курулушта - 2,9 пайызга, айыл чарбасында - 2,2 пайызга, дүң жана чекене соода – 6,9 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 7,1 пайызды түздү. Ушул эле учурда тамак -аш азыктарына жана алкоголдуу ичимдиктерге ошондой эле алкоголсуз суусундуктарга жана тамекиге- 9,8 пайызга, азык -түлүк эмес товарларга - 4,2 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери - 2,4 пайызга өсүүлөрү байкалды.

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы  (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалды. Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (8,2 пайыз) Нарын облусунда катталган, мунун себеби башка аймактарга караганда алкоголдуу ичимдиктерге жана тамекиге болгон баанын өсүшү (17,8 пайызга) менен түшүндүрүлөт.

Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-март айларында 2,1 млрд. АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 48,4 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 13,6 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче 1,7 эсе жогорулады.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-мартында 835,4 млн. АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-мартына салыштырганда 21,3 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 23,0 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 20,7 пайызга жогоруланган. 

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-март айларында Орусияга (68,6 пайызга) жана Казакстанга (29,6 пайызга) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт               

Экспорт

_________________________________________________

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).


Last updating: 14.05.2022, 11:08