Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда ИДПнын төмөндөшү 0,7 пайыздык пунктка байкалды

Publications: 13.09.2021


Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларындагы ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 405 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2020-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 0,7 пайызга төмөндөдү.

"Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда үстүбүздөгү жылдын январь-август айларындагы ИДПнын көлөмү 369 миллиардга жакын сомду түздү жана 3,6 пайызга жогорулады.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2021-жылдын январь-август айларында 206 миллиардга жакын сомду түздү жана өткөн жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 7,3 пайызга төмөндөдү, буга себеп фармацевтикалык продукциялар (39,5 пайызга), химиялык продукциялардын (35,6 пайызга), ошондой эле машиналардын жана жабдуулардан башка негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарын өндүрүү көлөмүнүн (27,2 пайызга) кыскарышы таасирин тийгизди.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш жана айыл чарба тармактарында төмөндөөлөр байкалды, алардын көлөмү курулушта – 9,1 пайызга, айыл чарбасында 4,9 төмөндөдү, ушул эле учурда дүң жана чекене соода жүгүртүүдө тескерисинче, көлөмдүн 10,9 пайызга өсүшү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 6,2 пайызды түздү. Ушул эле учурда, баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 7,6 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 9,3 пайызга,  азык - түлүк эмес товарларга - 5,3 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 2,3 пайызга өсүүлөрү байкалды.  

Ушул мезгилдин ичинде эң чоң өсүш гречкага болгон баанын кескин өсүшү - 32,4 пайызга, лимонго - 30,7 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майы - 20,8 пайызга, чочконун эти - 20,4 пайызга, койдун эти - 19,7 пайызга, кумшекер - 19,5 пайызга, балык - 10,8 пайызга, уйдун эти - 10,0 пайызга жана кондитердик азыктар - 7,0 пайызга жогорулаган.

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (9,5 пайыз) Жалал-Абад облусунда катталган, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалардын өсүшү (11,1 пайызга) жана азык-түлүк эмес товарларга (10,9 пайызга) болгон баалардын өсүүсү менен шартталган.

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-июлунда 3,8 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 19,6 пайызга көбөйдү, мында, экспорттук жеткирүү 16,5 пайызга азайды, ал эми импорттук түшүүлөр, тескерисинче 40,3 пайызга көбөйдү.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-июлунда 1,8 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-июлуна салыштырганда 26,0 пайызга өстү. Мында экспорттук берүүлөр 40,8 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 21,7 пайызга жогорулаган.

Республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү январь-июлунда Россияга (64,8 пайызга) жана Казакстанга (32,8 пайызга) туура келген. 

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы
 (өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

              Импорт                                                                                                  Экспорт

Презентациялар: 

Кыргыз Республикасындагы эмгек рыногу 2020 –ж.

Кыргыз Республикасындагы рыноктук кызмат көрсөтүүлөр

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download


Last updating: 15.09.2021, 10:39