Үстүбүздөгү жылдын январында ички дүӊ продуктунун өсүүсү белгиленди

Publications: 13.02.2019


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2019-ж. январында өткөн жылдын январына салыштырмалуу 6,4 пайызга өсүп, 30,2 млрд. сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 26,8 млрд. сом өлчөмүндө түзүлүп, өткөн жылдын январына салыштырмалуу 1,9 пайызга жогорулады.

ИДПнын өсүшү негизинен айыл чарба, өнөр жай, курулуш тармактары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи  өткөн жылдын январына салыштырмалуу  – 113,2 пайызды (2018-ж. январында – 103,4 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 101,1 пайызды (2018-ж. январында – 101,6 пайыз) түздү. 

2018-жылдын январына салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товар өндүрүү тармактарынын үлүшү 0,6 пайыздык пунктка өсүп, 36,4 пайызды түздү, ошол эле убакта кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 0,1 пайыздык пунктка азайып, 45,1 пайызды түздү.

2019-жылдын январындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайызы менен

2018

2019

 

ИДП

30243,4

106,4

100,0

100,0

 

 

Товар өндүрүү тармактары

11019,9

113,2

35,8

36,4

 

 

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык  уулоочулук

2368,4

101,7

7,5

7,8

 

 

Өнөр жай

7773,3

118,0

25,4

25,7

 

 

 Пайдалуу кендерди казуу

348,5

168,8

1,5

1,2

 

 

 Иштетүү өндүрүшү (Иштетүү өнөр жайы)

5757,9

120,5

17,9

19,0

 

 

 Электр энергия, газ, буу жана
 кондицияланган аба менен камсыздоо

 (жабдуу)

1554,0

97,5

5,7

5,1

 

 

 Суу менен жабдуу, тазалоо,
 калдыктарды иштетүү жана кайра
 пайдалануучу чийки затты алуу

112,9

110,6

0,3

0,4

 

 

Курулуш

878,2

100,9

2,9

2,9

 

 

Кызмат көрсөтүү тармактары

13616,1

101,1

45,2

45,1

 

 

Дүң жана чекене соода; автоунааларды

 жана мотоциклдерди оңдоо

5007,8

103,6

16,4

16,6

 

 

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

1687,0

102,4

5,6

5,6

 

 

Мейманканалар менен ресторандардын

 ишмердиги

432,5

106,2

1,4

1,4

 

 

Маалымат жана байланыш

1333,7

93,4

4,4

4,4

 

 

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

5155,1

99,8

17,4

17,1

 

 

Продуктуларга таза (субсидияларды

 эсептебегенде) салыктар

5607,4

106,4

19,0

18,5

 

                   

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы 

e-mail: a.kuderbaeva@stat.kg@stat.kg;  тел. + 996 (312) 3246955; 325351

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 13.02.2019, 10:48