2020-жылдын январь-сентябрындагы ички дүӊ продукт

Publications: 14.10.2020


Ички дүң продукт (ИДП) 2020-жылдын январь-сентябрында, алдын-ала баалоо боюнча өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 6,0 пайызга төмөндөө менен 400,2 млрд. сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү350,4 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,1 пайызга кыскарды.

ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу  1,6 пайызга төмөндөдү, ал эми 2019-жылдын январь-сентябрь айларында алардын 10,4 пайызга өсүшү байкалган. Ушуга жараша, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 9,8 пайызга төмөндөдү (2019-жылдын январь-сентябрь айларында - 2,6 пайызга өсүү болгон).

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (44,8 пайыз) товарларды өндүрүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 5,1 пайыздык пунктка көбөйдү. Ушул эле учурда, өнөр жайдын үлүшү 22,3 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,9 пайыздык пунктка жогору, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 15,4 жана 1,7 пайыздык пунктка жогору болду, ал эми курулуштун үлүшү, тескерисинче, 7,1 пайызды түзүп, 0,5 пайыздык пунктка төмөндөдү.

Кызмат көрсөтүүчү тармактар боюнча айтсак, 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу алардын ИДПдагы үлүшү, тескерисинче, 1,3 пайызга кыскарды.

2020-жылдын январь-сентябрында экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2019

2020

ИДП

400 220,7

94,0

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

179 693,3

98,4

39,7

44,8

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана

61 690,2

102,1

13,7

15,4

балык уулоочулук

Өнөр жай

89 421,0

98,1

18,4

22,3

Пайдалуу кендерди казуу

4 018,9

94,1

1,0

1,0

Иштетүү өндүрүшү

       

 (Иштетүү өнөр жайы)

75 322,5

98,4

14,8

18,8

Электр энергия, газ, буу жана 

       

 кондицияланган аба менен камсыздоо 

 (жабдуу)

8 842,4

99,5

2,3

2,2

Суу менен жабдуу, тазалоо,

1 237,2

89,1

0,3

0,3

калдыктарды иштетүү жана кайра

пайдалануучу чийки затты алуу

Курулуш

28 582,1

92,3

7,6

7,1

Кызмат көрсөтүү тармактары

178 354,9

90,2

45,9

44,6

Дүң жана чекене соода; автоунааларды

57 802,6

84,0

16,3

14,4

жана мотоциклдерди оңдоо

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү

11 257,9

67,1

4,0

2,8

 сактоо

Мейманканалар менен ресторандардын 

3 499,4

52,3

1,6

0,9

ишмердиги

Маалымат жана байланыш

11 466,8

100,4

2,8

2,9

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

94 328,2

100,7

21,2

23,6

Продуктуларга таза (субсидияларды

       

 эсептебегенде) салыктар

42 172,5

94,0

14,4

10,6

 

___________________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 15.10.2020, 09:09