Товарлардын тышкы жана өз ара соодасы.
Publications: 13.04.2020
Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-февралында, алдын-ала маалыматтар боюнча, 931,4 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-февралына салыштырганда 1,5 пайызга азайды.
Экспорттук жөнөтүүлөр 310,6 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 20,3 пайызга өстү.
Импорттук келип түшүүлөр 620,8 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 9,7 пайызга азайды.
Товар жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшүнө 33,3 пайызы, импорттун үлүшүнө - 66,7 пайызы туура келди.
2020-жылдын январь-февралында соода балансынын терс сальдосу 310,2 млн. АКШ долларын (2019-ж. январь-февралында – 429,6 млн. долларды) түздү.
Товарлардын экспорту алтынды эсептебегенде, 186,4 млн. АКШ долларын түзүү менен 7,1 пайызга көбөйдү.
Республиканын товар жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодага – 43,2 пайызы, анын ичинде экспортко – 35,4 пайызы, импортко – 47,1 пайызы туура келди.
Республиканын товар жүгүртүүсүнін жалпы көлөмүндөүчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соода – 56,8 пайызды, анын ичинде экспорт – 64,6 пайызды, импорт – 52,9 пайызды түздү.
Республиканын ЕАЭБке мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-февралында, алдын-ала маалыматтар боюнча, 402,7 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 9,5 пайызга өстү.
ЕАЭБке мүчө мамлекеттери менен экспорттук жөнөтүүлөр 110,0 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 13,8 пайызга көбөйдү.
Импорттук келип түшүүлөр 2019-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 8,0 пайызга көбөйдү жана 292,7 млн. АКШ долларын түздү.
ЕАЭБнын мүчө мамлекеттеринен республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (70,5 пайыз) жана Казакстанга (27,5 пайыз) туура келди.