2017-жылдагы “Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетени” басылып чыкты

Publications: 02.03.2018


Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетени 2017-жылы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздоо абалынын  талдоосун камтыйт.  Анда  азык-түлүктүн болушу, анын өндүрүлүшү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө жетүү көрсөткүчтөрү, аны калктын адам башына керектөөсү жөнүндөгү маалыматтар бириктирилген жана системалаштырылган (тутумдаштырылган).

Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалары жөнүндө маалымат, 2017-жылдагы азык-түлүк теңдеминин базалык тамак-аш азыктары боюнча баалоочу маалыматтар, 2017-жылдын 9 айында 5016 үй чарбаларынын интеграциялык изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлору камтылган. Кененирээк маалыматты «Басылмалар» бөлүгүнөн караңыз.

   ________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы     

Үй чарба статистикасы бөлүмү  

               

 

 

|   e-mail:gsamohleb@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)           

                                                                324655

 

 

      

 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалыматтык тармактарга, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таркатуу учурунда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Last updating: 02.03.2018, 17:21