2018-жылдын I кварталындагы “Азык-түлүктүк коопсуздук жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетен”

Publications: 31.05.2018


Азык-түлүктүк коопсуздук жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетень 2018-жылдын I кварталындагы азык-түлүктүк камсыз кылынгандык менен өлкөдөгү кырдаалдардын талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө карата жетүү көрсөткүчтөрү, аны калктын адам башына керектөө жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана түтүмдаштырылган. Кененирээк «Басылманын» бөлүмүндө.

Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалары жөнүндө маалымат, 2018-жылдын I кварталындагы азык-түлүктүк теңдемдин базалык тамак-аш азыктары боюнча баалоочу маалыматтар, 2017-жылдагы 5016 үй чарбаларынын интеграциялык изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган. Кененирээк «Басылманын» бөлүмүндө.

 

   ________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө

 статистикасы башкармалыгынын      

Үй чарба статистикасы бөлүмү                  

 

 

|   e-mail:gsamohleb@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324655

 

 

      

 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Last updating: 31.05.2018, 09:08