“Кыргыз Республикасынын керектөө рыногу-2013-2017” статистикалык жыйнагы басылып чыкты

Publications: 04.10.2018


Жыйнакта 2013-2017-жылдардагы Кыргыз Республикасынын керектөө рыногунун жана кызмат көрсөтүү секторунун абалы, анын өнүгүү динамикасы жөнүндөгү маалыматтар көрсөтүлдү. Экономикалык ишмердиктин түрлөрү, менчиктин формалары жана аймактар боюнча дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жүгүртүүсү, мейманканалар жана ресторандардын кызмат көрсөтүүсүнүн көлөмү жөнүндөгү статистикалык маалыматтар берилди. Товарлардын түзүмү жөнүндө, азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларынын негизги түрлөрүнүн сатуу көлөмү жөнүндөгү маалыматтар камтылды.

Кененирээк таанышуу үчүн “Басылмалар” бөлүмүн караңыздар.

Бул басылманы алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг кызматына кайрылууңуздарды сунуштайбыз. тел. + 996 (312) 324703

__________________________________________________________________

Соода статистикасы башкармалыгы | e-mail: vmambetalieva@stat.kg | тел. + 996 (312) 324650

Керектөө рыногу статистика бөлүмү | e-mail: a.mamanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 324725

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 04.10.2018, 10:12