"Кыргыз Республикасынын жаштары" статистикалык жыйнагы басылып чыкты

Publications: 23.01.2020


Жыйнак 2014-2018-жылдарда Кыргыз Республикасынын жаштарынын социалдык-экономикалык абалын мүнөздөөчү маалыматтарды камтыйт.

Басылмада жаштардын саны, алардын саламаттыгынын медициналык- демографиялык аспектилери, билими, жаш үй-бүлөлөрдүн жашоо денгээли, жумуш менен камсыздалышы жана укук бузуулар, ошондой эле жаштардын убакытты колдонуусу туралуу маалыматтар берилди.

Жыйнак мамлекеттик башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө чөйрөсүнүн кызматкерлери, социология көйгөйлөрүн изилдөөчү эксперттер, профессорлук-окутуучу курам, аспиранттар жана  студенттер, башка кызыккан жактар үчүн арналган.

 

Демография статистикасы бөлүмү   |e-mail: gabdullaeva@stat.kg;   |тел. + 996 (312) 324636, 325546

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 23.01.2020, 17:16