2017-жылдын январь-ноябрь айлары экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшү менен мүнөздөлдү

Publications: 11.12.2017


Кыргыз Республикасынын жана анын региондорунун 2017-жылдын январь-ноябрындагы социалдык-экономикалык абалы негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү менен мүнөздөлдү.

2017-жылдын январь-ноябрында ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоо боюнча 430 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4,0 пайызга көбөйдү. ИДПнын өсүшүнө өнөр жай, курулуш, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү тармагындагы өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү таасир этти.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда 2017-жылдын январь-ноябрындагы ички дүң продуктунун көлөмү 3,9 пайызга көбөйүп,  388 миллиард сомду түздү.

Өнөр жайдагы продукциянын көлөмүнүн 12,5 пайызга өсүшү металл рудаларын казуунун (4,0 эсеге), тазаланган муңайзат продуктуларын (32,8 пайызга), башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүүнүн (18,9 пайызга), ошондой эле тамак-аш азыктарын, анын ичинде консерваланган жашылча-жемиштерди – 2,4 эсеге, кантты – 1,5 эсеге, ун жана акшакты – 23,9 пайызга, сүт азыктарын – 9,7 пайызга көп өндүрүүнүн эсебинен болду.

Айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышынын көлөмүнүн 1,8 пайызга өсүшү мал чарбачылыгынын (2 пайызга), ошондой эле өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн продукцияларын (1,6 пайызга) өндүрүүнүн көбөйүшү менен шартталды.

Негизги капиталга инвестициянын 4,2 пайызга көбөйүшү пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), дүң жана чекене соода, мейманкана жана ресторандар, маалымат жана байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, саламаттыкты сактоо, башка тейлөө ишмердигинин, ошондой эле турак жай курулушунун объекттеринин курулушунда белгиленди.

2016-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун 4,0 пайызга өсүшү  дүң (2,2 пайызга) жана чекене (5,3 пайызга) сооданын көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды.

 

 

 

 

 

 


Last updating: 11.12.2017, 14:13