Учурдагы жаздык өсүмдүктөрдүн себилиши 2018-жылы себилген жаздык өсүмдүктөрдүн жалпы аянтынын 59,3 пайызын түздү

Publications: 15.05.2019


Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелине карата жалпы республика боюнча жаздык өсүмдүктөр 394,0 миң гектарга себилди, бул 2018-ж. себилген жаздык өсүмдүктөрдүн жалпы аянтынын 59,3 пайызын түздү.

 2018-жылы себилген жаздык өсүмдүктөрдүн аянтына карата арпанын себилген аянты пайыз менен – 82,8 пайызды, жаздык буудай – 78,5 пайызды, пахта – 90,4 пайызды, кант кызылчасы - 78,0 пайызды, көп жылдык чөптөр - 70,3 пайызды, май өсүмдүктөрү – 56,6 пайызды, жашылчалар – 52,3 пайызды, дандык жүгөрү – 50,6 пайызды,  картошка 26,9 пайызды түздү.

2019-жылдын 25-апрелине карата жаздык өсүмдүктөрдүн себилген аянты

                                                    

                                               

 

 Себилди –

 бардыгы,    

 миң гектар

Жыйынтыкка

карата

пайыз менен

2018-ж. себилген

жаздык өсүмдүктөрдүн аятына карата пайыз     менен

 

Жаздык себүү

 

394,0

100,0

59,3

 

Жаздык буудай

 

86,3

21,9

78,5

 

Жаздык арпа

 

146,6

37,2

82,8

 

Дандык жүгөрү

 

47,8

12,1

50,6

 

Дан буурчак

 

1,5

0,4

2,5

 

Башка дан эгиндери

 

1,2

0,3

9,4

 

Картошка

 

15,6

4,0

26,9

 

Жашылча

 

17,3

4,4

52,3

 

Кант кызылчасы

 

12,2

3,1

78,0

 

Пахта

 

20,8

5,3

90,4

 

Май өсүмдүктөрү

 

16,3

4,1

56,6

 

Көп жылдык чөптөр

 

18,6

4,7

70,3

 

Башка өсүмдүктөр

 

9,8

2,5

56,4

 

               

 

Жаздык өсүмдүктөрдүн эң көп аянты Чүй (2018-жылы себилген жаздык өсүмдүктөрдүн аянтынын 82,6 пайызы), Ош (75,9 пайыз), Жалал-Абад (64,5 пайыз), Баткен (59,6 пайыз), Ысык-Көл облустарынын чарбаларында (46,1 пайызга) себилди. Жаздык өсүмдүктөрдүн эң аз аянты Нарын жана Талас облустарынын чарбаларында себилди жана тиешелүүлүгүнө жараша 13,5 жана 6,8 пайызды түздү.

         2019-жылдын 25-апрелине карата жаздык өсүмдүктөрдүн аймактар боюнча себилиши

 

Себилди –

 бардыгы,    

 миң гектар

2018-ж. себилген

жаздык өсүмдүктөрдүн аятына карата пайыз     менен .

анын ичинен

Жаздык буудай,

миң гектар

2018-ж. себилген

жаздык өсүмдүктөрдүн аятына карата пайыз     менен .

Жаздык арпа,

миң гектар

2018-ж. себилген

жаздык өсүмдүктөрдүн аятына карата пайыз     менен .

Кыргыз Республикасы

394,0

59,3

86,3

78,5

146,6

82,8

Баткен облусу

25,0

59,6

7,1

93,0

12,2

105,3

Жалал-Абад облусу

60,9

64,5

3,0

79,4

8,5

122,9

Ысык-Көл облусу

47,9

46,1

28,3

58,5

17,1

54,9

Нарын облусу

4,4

13,5

1,1

99,4

2,9

18,8

Ош облусу

77,8

75,9

17,6

86,8

14,9

92,7

Талас облусу

5,4

6,8

0,5

46,8

1,1

54,8

Чүй облусу

171,2

82,6

28,6

129,7

88,8

95,0

Ош шаары

1,4

80,8

0,1

41,5

1,1

246,8

               
 

Жаздык буудайдын себилиши Чүй облусунун чарбаларында 28,6 миң гектарды түздү, бул өткөн жылга караганда 6,5 миң гектарга же 29,7 пайызга көп, ал эми Ош облусунун чарбаларындагы жаздык буудайдын себилиши 17,6 миң гектарды түздү, бул өткөн жылга караганда 2,7 гектарга же 13,2 пайызга аз.

Жаздык арпанын себилиши Жалал-Абад облусунун чарбаларында 8,5 миң гектарды түздү, бул мурунку жылга караганда 1,6 миң гектарга же 22,9 пайызга көп, ал эми Чүй облусунун чарбаларында жаздык арпанын себилиши 88,8 миң гектарды түздү, бул өткөн жылга караганда 4,7 гектарга же 5,0 пайызга аз.

Себилген жаздык өсүмдүктөрдүн айдоо аянттарынын жалпы түзүмүндө жаздык арпанын үлүшүнө – 37,2 пайызы, жаздык буудайга - 21,9 пайызы, дандык жүгөрүгө - 12,1 пайызы, пахтага – 5,3 пайызы,  тоют өсүмдүктөрүнө – 4,9 пайызы, жашылчаларга – 4,4 пайызы, картошкага – 4,0 пайызы жана башка өсүмдүктөргө (кант кызылчасы, тамеки, май өсүмдүктөрү, бакча  өсүмдүктөрү жана башка дан эгиндери) 10,2 пайызы туура келет.

Жазгы өсүмдүктөрдүн айдоо аянтынын түзүмү

         (жалпы аянтка карата пайыз менен)

            

 

Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелине карата республикада 71,5 миң гектар   күздүк өсүмдүктөр же 2019-жылдын түшүмү алдындагы  күздүк өсүмдүктөрдүн жалпы аянтынын 50,6 пайызы азыктандырылды. Республиканын чарбалары тарабынан 372,2 миң гектар аянтка жазгы айдоо жүргүзүлдү, бул мурунку жылга караганда 9,4 миң гектарга же 2,6 пайызга көп.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматтары боюнча республикада ү.ж. 8-майына карата дизель отунуна болгон 39,1 миң тонна көлөмдөгү муктаждыктын 88,7 пайызы камсыздалды.

 Жаздык себүүгө арналган күйүүчү-майлоочу материалдардын муктаждыгы жана болуусу

  (2019-ж. 8-майына карата, тонна)

 

Муктаждык

Болгон

Муктаждыкка карата
  КММдын болуусу, пайыз менен

Дизел отуну

39067

34666

88,7

Автобензин

9338

8738

93,6

Дизел майы

1803

1623

90,0

Мотор майы

994

935

94,0

 

 

 

 

_______________________________________________________________________________

Айыл чарба статистикасы бөлүмү:   gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 15.05.2019, 17:11